Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жол кырсыгы болуп, төрт адам көз жумду

Бишкекте болгон жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Сүрөт

12005
(жаңыланган 01:01 12.02.2020)
Кырсык 11-февраль күнү саат 22.30дар чамасында болгон. Анда BMW жана Nissan үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан.

БИШКЕК, 12-фев. — Sputnik. Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жол кырсыгы болуп, төрт адам көз жумду. Бул тууралуу маалыматты милициядан билдиришти.

  • Последствия ДТП в жилмассиве Ак-Ордо, где погибли четыре человека
    Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жол кырсыгы болуп, төрт адам көз жумду
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
  • Последствия ДТП в жилмассиве Ак-Ордо, где погибли четыре человека
    Кырсык 11-февраль күнү саат 22.30дар чамасында болгон
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Последствия ДТП в жилмассиве Ак-Ордо, где погибли четыре человека
    Анда BMW жана Nissan үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан
    © фото очевидца, отправленное по WhatsApp-каналу
  • Последствия ДТП в жилмассиве Ак-Ордо, где погибли четыре человека
    Милиция көз жумгандардан тышкары бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди деди.
    © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
1 / 4
© фото очевидца, отправленное по Telegram-каналу
Бишкектин четиндеги Ак-Ордо жаңы конушунда жол кырсыгы болуп, төрт адам көз жумду

Кырсык 11-февраль күнү саат 22.30дар чамасында болгон.

Анда BMW жана Nissan үлгүсүндөгү автоунаалар кагышкан. Милиция көз жумгандардан тышкары бир адам жабыркап, ооруканага жеткирилди деди.

12005
Белгилер:
өлүм, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (117)
Тема боюнча
Бишкекке жакын айланма жолдо милициянын унаасы кырсыктады. Видео
Бишкекте жеңил унаа электр түркүгүн сүзүп, капталынан кулап калды. Видео
Миннеаполистеги нааразычылык акциясынын учурунда полиция кызматкерлери

ЖМК: АКШдагы башаламандыкта 4 миңдей киши кармалды

29
(жаңыланган 17:13 01.06.2020)
АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнөн кийин өткөн жума күнү башаламандык башталган. Ушул тапта дагы элдин толкуну басылбай жатканы айтылат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу башаламандык учурунда полиция 4 миңдей адамды кармады. Бул тууралуу жергиликтүү ЖМКларга таянып РИА Новости жазды.

Учурда коменданттык саат жарыяланганына карабай, көчөлөрдө минтингдер өтүүдө. Ызырынган эл дүкөндөрдү тоноп, полициянын кууганына карабай көчөдө жүрөт. Өлкөнүн 21 штатында нааразы болгондордун демин басуу үчүн Улуттук гвардиянын аскерлери иштеп жатканы айтылат.

Эске салсак, АКШда афроамерикалык Жордж Флойддун өлүмүнө байланыштуу өткөн жума күнү нааразылык акциялар башталган.

Интернетте полиция кызматкерлери Флойддун колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп баса калган видео тараган. Бирөөнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу дем ала албай, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылууда. Ал арада АКШ президенти Флойдду кармаган полиция кызматкерлеринин жоругун "акылга сыйгыс" деп атаган. Башаламандык күч алганда бийлик бир нече шаарга коменданттык саат киргизген.

29
Белгилер:
полиция, башаламандык, митинг, АКШ
Тема боюнча
Жабырланган журналист. РФ элчилиги АКШнын мамдепартаментине нота кетирди
Унаанын сынган лобовой айнеги. Архив

Көмүр ташыган автоунаа минивэн менен кагышып, оодарылып калды. Видео

78
(жаңыланган 13:27 01.06.2020)
Кырсык бүгүн Бишкек — Чалдовар жолунун 74-чакырымында (Панфилов айылы) саат 11:00дө болду. Жабыркагандар бар.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. Чүй облусунда көмүр алып бара жаткан ГАЗ-53 үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Honda Odissey менен сүзүшкөн соң оодарылып кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстандын кабарчысына аймактык Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык Бишкек — Чалдовар жолунун 74-чакырымында (Панфилов айылы) саат 11:00дө болду.

Окуя болгон жерде тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Кардрларда оодарылып калган автоунаадан төгүлгөн көмүрдү башка жүк ташуучу машинага салып жатканын көрүүгө болот.

ЖКККБдан билдиришкендей, Honda автоунаасындагы үч киши жабыркаган. Инспекторлор кырсыктын себептерин тактап жатышат.

78
Белгилер:
көмүр, жабырлануучу, жол кырсык, Чүй облусу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (117)
Тема боюнча
Ала-Бел ашуусунда кырсыктап, тамтыгы чыгып калган автоунаанын видеосу
Түндө Кубакы ашуусундагы автокырсыктан бир аял каза тапты
Рабочие во время укладки асфальта на одной из ремонтируемых улиц Бишкека

Өлкөдөгү ишканалар кайсы кесип ээлерине муктаж? Рейтинг

0
(жаңыланган 18:07 01.06.2020)
Учурда республика боюнча жалпы жонунан 1500дөн ашык жумушчу керек. Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдө муктаждык бар адистиктердин тизмесин сунуштайт.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik.  Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги үч ай сайын суроо-талап болуп жаткан адистиктерге мониторинг жүргүзүп, талдайт. Мекеменин маалыматына ылайык, азыр медайым, дарыгер, мугалим, жер астын казып өтүүчү адистер жетишсиз. Алардын басымдуу бөлүгү саламаттык сактоо, билим берүү, кен казуу, кызмат көрсөтүү тармактарында эмгектенчү жумушчулар.

Аталган рейтинг министрлик тарабынан жеке ишкана, мамлекеттик органдардын билдирүүлөрүнүн негизинде түзүлөт.

0
Белгилер:
рейтинг, жумуш, суроо-талап, кесип, Кыргызстан
Тема боюнча
Кеңсенин доору бүттүбү? Кыргызстандыктар аралыктан иштөөгө кандай карайт
Асанова: борбор калаада медайымдар жетишпейт
Кыргызстандын бийлиги жумушсуз жүргөндөргө жардам бермей болду