Ысык-Көл: үйүндө курал сактаган киши колго түштү. Сүрөттөр

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүI Европейские игры. Стендовая стрельба. Микст. Трап
I Европейские игры. Стендовая стрельба. Микст. Трап - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция эгер жарандар мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыяры менен тапшырышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбай турганын эскертти.

БИШКЕК, 14-фев. — Sputnik. Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айылынын 70 жаштагы М.П. аттуу тургунунун үйүнөн көп сандаган куралдар табылды. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиЫсык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айылынын 70 жаштагы М.П. аттуу тургунунун үйүнөн көп сандаган куралдар табылды
Ысык-Көл: үйүндө курал сактаган киши колго түштү. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн Ак-Суу районуна караштуу Нововознесеновка айылынын 70 жаштагы М.П. аттуу тургунунун үйүнөн көп сандаган куралдар табылды

Маалыматка караганда, РИИБдин кызматкерлерине "Бык" аттуу каймана аты бар киши үйүндө курал сактап жүргөнү тууралуу кабар түшкөн. Буга байланыштуу 13-февраль күнү анын үйүндө санкциялаштырылган тинтүү иштери жүргүзүлгөн. 

© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиШектүүнүн баш коргоо чарасы каралганга чейин Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Ысык-Көл: үйүндө курал сактаган киши колго түштү. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралганга чейин Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
"Шектүүнүн үйүнөн сайлуу жана сайсыз эки мылтык, "аммонит" үлгүсүндөгү 8 даана жарылуучу зат, 84 даана ок-дары, ошондой эле 6 даана текенин мүйүзү табылды", — дешти милициядан.
© Фото / пресс-служба УВД Иссык-Кульской областиШектүүнүн үйүнөн сайлуу жана сайсыз эки мылтык, "аммонит" үлгүсүндөгү 8 даана жарылуучу зат, 84 даана ок-дары, ошондой эле 6 даана текенин мүйүзү табылды
Ысык-Көл: үйүндө курал сактаган киши колго түштү. Сүрөттөр - Sputnik Кыргызстан
Шектүүнүн үйүнөн сайлуу жана сайсыз эки мылтык, "аммонит" үлгүсүндөгү 8 даана жарылуучу зат, 84 даана ок-дары, ошондой эле 6 даана текенин мүйүзү табылды

Факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси («Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү») беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Шектүүнүн баш коргоо чарасы каралганга чейин Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Ак-Суу райондук милициясынын башчысы Улан Канаевдин айтымында, аймакта "Арсенал" операциясы өтүүдө. Анын алкагында курал сактаган адамдар аныкталат. Эгер жарандар мыйзамсыз сакталган куралдарды өз ыктыяры менен тапшырышса, кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0