Кумтөрдөгү кырсык: жоголгон киши, жөнөп кеткен суучулдар. Окуянын чоо-жайы

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүНачало строительства Балтийской АЭС
Начало строительства Балтийской АЭС - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалымат булактарынын айтымына караганда, кырсыктаган 54 жаштагы киши Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын жашоочусу.

БИШКЕК, 15-фев. — Sputnik. Кумтөр кенинде экскаватор айдоочусу менен кошо болжол менен саат 18:00 чамасында Петров көлүнө кулаган. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Башка маалымат булактарынын айтымына караганда, кырсыктаган 54 жаштагы киши Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын жашоочусу.

Кумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө жоголгон жумушчулар 40 күндөн бери табылбагандыктан издөө токтотулду
Эске салсак, "Кумтөр" компаниясынын кызматкери экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, Петров көлүнө кулаганы кабарланган. Анткен менен экскаватордогу жумушчу туурасында так кабар жок.

Буга чейинки маалыматтарда аны Кумтөр компаниясынын куткаруучулары менен суучулдары издеп баштаган.

Издөө иштерине ӨКМдин Бишкек шаарындагы жана Ысык-Көл облустук башкармалыгынан суучулдары тартыла тургандыгы айтылды. Алар кенге түндөп чыгып кетери кабарланган.

Бул "Кумтөр Голд компани" ишканасындагы акыркы мезгилдеги экинчи кырсык. Буга чейин да 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жок болгон. Кийин издөө иштери натыйжасын берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0