Кумтөрдө экскаватору менен көлгө кулаган айдоочунун сөөгүн суудан алып чыгышты

© Sputnik / Александр Викулов / Медиабанкка өтүүУчения МЧС в Ставропольском крае
Учения МЧС в Ставропольском крае - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул "Кумтөр Голд компани" ишканасындагы акыркы мезгилдеги экинчи кырсык. Буга чейин да, 2019-жылдын 1-декабрында, Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жок болгон.

БИШКЕК, 16-фев. — Sputnik. ӨКМ Кумтөр кенинде экскаватору менен кошо "Көк булуң" ("Голубой залив") көлүнө кулаган айдоочунун сөөгүн жээкке алып чыгышты. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине министрдин орун басары Калыс Ахматов билдирди.

Кумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө жоголгон жумушчулар 40 күндөн бери табылбагандыктан издөө токтотулду
Эскерте кетсек, окуя 15-февраль күнү саат 18.00дөр чамасында болгон. Маалыматтарда кырсыктаган 54 жаштагы киши "Кумтөр" компаниясынын кызматкери, Жети-Өгүз районундагы Барскоон айылынын жашоочусу экени айтылат. Ал экскаватор менен иштеп жатканда мөңгүдөн жылып кетип, көлгө кулаган.

Ахматовдун айтымында, Бишкектен суучулдар баргыча компаниянын жана Ысык-Көл облустук башкармалыгынын куткаруучулары куткаруу операциясы үчүн бардык нерсени даярдап коюшкан.

"Музду жарып, экскаваторду алып чыктык. Мерт болгон айдоочунун сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилди", — деди Ахматов.

Бул "Кумтөр Голд компани" ишканасындагы акыркы мезгилдеги экинчи кырсык. Буга чейин да, 2019-жылдын 1-декабрында, Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп, натыйжада аталган участокто иштеп жаткан эки жумушчу дайынсыз жок болгон. Кийин издөө иштери натыйжасын берген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0