Түндө Ысык-Көлдө кайрадан жер силкинди

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл облусунунун, Тоң районундагы Кажы-Сай айылы. Архив
Ысык-Көл облусунунун, Тоң районундагы Кажы-Сай айылы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМден жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын билдиришти. Мындан үч күн мурда дал ушул аймакта жер силкинип, күчү 5 баллга жеткен.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Түндө Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө болгонун ӨКМден кабарлашты.

Кар көчкү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Ашуулар менен тоолуу жолдордо көчкү жүрөт
Жердин силкинүү күчү Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунун Кажы-Сай, Бөкөнбаев, Тоң айылдарында 4 балл деп аныкталган. Ал эми Ак-Сай, Төрт-Күл, Тогуз-Булак, Тамга айылдарында 3 балл, Кызыл-Туу, Кара-Коо айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын кошумчалады.

Мындан үч күн мурда дал ушул аймакта жер силкинип, анын күчү 5 баллга жеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0