Көлдө жолдогу үйүр жылкыдан буйтамакчы болгон маршрутка оодарылып калды. Видео

© © SputnikЫсык-Көл облусунда эл ташыган маршрутка кырсыктап, оодарылып калды
Ысык-Көл облусунда эл ташыган маршрутка кырсыктап, оодарылып калды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы Семёновка менен Ананьево айылдарынын ортосунда болгон. Анын кесепетинен айдоочу менен жүргүнчүлөр жабыркады.

БИШКЕК, 18-фев. — Sputnik. Ысык-Көл облусунда эл ташыган маршрутка кырсыктап, оодарылып калды. Бул тууралуу облустук ЖКККБнын маалымат катчысы Рысменди Бейшен уулу билдирди.

Ал эми окуянын видеосу Telegram каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

Бейшен уулунун айтымында, 17-февраль күнү саат 16.45те Семёновка менен Ананьево айылдарынын ортосунда микроавтобустун 66 жаштагы айдоочусу үйүр жылкыдан буйтап өтөм деп жолдон чыгып кеткен. Натыйжада бакты сүзүп, капталына кулап калган.

"Кырсыктын кесепетинен айдоочу жана үч жүргүнчү жабыркап, Ананеьво айылдык ооруканасына жаткырылды. Маршрутка Бишкектен Караколго жол тартып бараткан", — деди Бейшен уулу.

ЖКККБнын кызматкерлери жерине убагында барып, жабыркагандарга жардам беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0