Башкы прокуратура: №5 бакчада жарым миллион сом мыйзамсыз менчиктелип кеткен

Жазылуу
Мыйзам бузуулар аталган мекемени Биринчи Май райондук прокуратурасы текшерип жаткан учурда белгилүү болгон. Учурда директор шектүү катары каралып жатат.

БИШКЕК, 19-фев. — Sputnik. Бишкек шаарынын Биринчи Май районундагы №5 бала бакчасынын директору 2017-2019-жылдар аралыгында 553 миң сомду мыйзамсыз менчиктеп алды деп шектелүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам бузуулар аталган мекемени Биринчи Май райондук прокуратурасы текшерип жаткан учурда белгилүү болгон.

"Эки жыл аралыгында директор ата-энелер төлөгөн акчанын ичинен 396 миң сомун менчиктеген. Мындан тышкары, М.Г. аттуу кызматкерге 156 миң сом айлык төлөгөнү аныкталды. Иликтөө учурунда ал директордун бир тууганы экени жана ал бакчада эч качан иштебегени билинди", — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Финполдун кызматкери кармалды. Ал коррупциялык схеманы түзгөн деп шектелүүдө
Мындан тышкары, 23 бөбөк электрондук кезексиз эле бакчага алынганы, алардын ата-энеси акчаны касса аркылуу эмес, тарбиячылардын колуна берип жүргөнү аныкталган. Ошондой эле бул каражат райондук билим берүү борборуна түшпөй, директордун чөнтөгүнө салынып жүргөнү айтылды.

11-февраль күнү аталган факт КРдин Жазык кодексинин 320-беренесине ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Сотко чейинки өндүрүш башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0