Германия: кальян саткан жайда 8 адамды атып салган киши из суутуп кетти

© REUTERS / KAI PFAFFENBACHСудебные эксперты работают вокруг поврежденного автомобиля после стрельбы в Ханау, Германия. 20 февраля 2020 года
Судебные эксперты работают вокруг поврежденного автомобиля после стрельбы в Ханау, Германия. 20 февраля 2020 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматка караганда, шаардагы кальян сатылчу бир эмес, эки жайда ок атылды. Азырынча муну бир же бир нече адам жасаганы так айтыла элек.

БИШКЕК, 20-фев. — Sputnik. Германиянын Ханау шаарында атышуудан улам сегиз киши каза таап, бешөө оор жаракат алды. Бул тууралуу шаар полициясына шилтеме берип РИА Новости жазды.

Таиланддын полиция кызматкерлери - Sputnik Кыргызстан
Таиландда 27 кишини атып өлтүргөн аскер жок кылынды
Маалыматка караганда, шаардагы кальян сатылчу бир эмес, эки жайда ок атылган. Азырынча муну бир же бир нече адам жасаганы так айтыла элек. Шаардын так ортосунда жайгашкан биринчи кальян барынан үч киши, экинчисинен беш киши өлгөн.

Hanauer Anzeier басылмасынын маалымат булактарына таянып жазганына караганда, эки жайда тең бир гана киши ок чыгарган. Ал алгач Курт-Шумахер-Плацтагы кальян бары менен букмекер кеңсеси жайгашкан имаратка кирип барган. Кардарлар кальян чегип отурган бөлмөгө кириш үчүн бирөөгө телефон чалганы айтылат.

"Ал жактан дароо үч кишини атып салып, андан кийин экинчи барга барган", — деп айтылат макалада.

Учурда аны полиция таба элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0