Кантта унаасын учура айдагандар Чоң Чүй каналына кирип кетти. Видео

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
28 жаштагы айдоочу Полевой көчөсүндөгү "аскерлер шаарчасында" бара жатып рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып кетип, Чоң Чүй каналына кулаган.

БИШКЕК, 21-фев. — Sputnik. Кант шаарында катуу ылдамдыкта бара жаткан Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаа оодарылып кетип, Чоң Чүй каналына кирип кеткен. Натыйжада автонун ичиндеги эки жигит каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылы коопсуздугун камсыз кылуу башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланды.

Окуя 20-февралга караган түнү болжол менен саат 00:15те болгон. 28 жаштагы айдоочу Полевой көчөсүндөгү "аскерлер шаарчасында" бара жатып рулду башкара албай калган. Натыйжада унаа жолдон чыгып кетип, Чоң Чүй каналына кулаган. Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен 22 жаштагы жүргүнчүсү каза тапты.

Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, экспертиза дайындалды. Териштирүү иштери башталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0