Кайгуул милиция кызматкери. Архивдик сүрөт

Бишкекте Кайгуул милициясынын унаасы кырсыкка кабылды. Видео

220
(жаңыланган 11:36 22.02.2020)
Кайгуул милициясынын нөөмөт бөлүмүнөн жол кырсыгы тууралуу чакыруу түшпөгөнүн билдиришти. Учурда укук коргоо органдары маалыматты текшерип жатат.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Бишкектин чок ортосунда Кайгуул милициясынын унаасы жол кырсыкка кабылды. Бул туурасында "Короче" Телеграм-каналына жарыяланды.

Аталган каналда кырсыктан кийинки видео жүктөлгөн. Кадрлардан жол кырсыгы Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгонун көрүүгө болот. Кайгуул милиция башкармалыгынын автокөлүгүнүн алды талкаланган. Анын жанында жеңил унаа токтоп турганын байкоого болот.

Күбөлөрдүн айтымында, кырсык 22-февралга караган түнү саат 02.00дөр чамасында болгон.

Окуя болгон жерге Тез жардам кызматы чакырылган эмес. Кайгуул милициясынын нөөмөт бөлүмүнөн жол кырсыгы тууралуу чакыруу түшпөгөнүн билдиришти. Учурда укук коргоо органдары маалыматты текшерип жатат.

220
Белгилер:
видео, унаа, жол кырсык, Кайгуул милициясы, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (83)
Тема боюнча
Кантта унаасын учура айдагандар Чоң Чүй каналына кирип кетти. Видео
Ош: окуучу атасынын унаасы менен эки кишини коюп кетип, бири каза тапты