Желдей учуптур... Милициянын унаасы кырсыктаган учур видеого түшүп калган

© Sputnik / Табылды КадырбековКайгуул милициясынын автоунаасы. Архив
Кайгуул милициясынын автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Видеодо көрүнүп тургандай, Кайгуул милициясынын автоунаасы катуу ылдамдыкта бара жаткан. Укук коргоо органдары маалыматты текшерип жатканын айтышты.

БИШКЕК, 22-фев. — Sputnik. Кайгуул милиция унаасынын кырсыктаган учуру видеого түшүп калган. Аны "Короче" Telegram-каналы жарыялады.

Эске салсак, Бишкекте 22-февралга караган түнү саат 02.00дөр чамасында Кайгуул милициясынын унаасы жол кырсыкка кабылган. Окуя Байтик баатыр менен Горький көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Видеодо көрүнүп тургандай, Кайгуул милициясынын автоунаасы Байтик баатыр көчөсү менен катуу ылдамдыкта бара жатып, Горький көчөсүнөн өтүп бара жаткан автокөлүктү сүзүп кеткен.

Буга чейин Кайгуул милициясынын нөөмөт бөлүмүнөн жол кырсыгы тууралуу чакыруу түшпөгөнүн билдиришкен. Кийинчерээк кызматтык териштирүү башталганын маалымдашты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0