БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардын саны 50гө жетти. Бул тууралуу аталган өлкөнүн саламаттык сактоо министри Фахреттин Коджа билдиргенин РИА Новости кабарлады.
Буга чейин кырсыктан 37 адам жабыркап, тогуз киши каза тапканы айтылган.
"Башкале шаарынын Ван провинциясында жабыркаган 50 адамдын баарына тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Айрымдарга операция жасалды. Азыркы тапта эки бейтап реанимацияда жатат", — деди Коджа.23-февраль күнү Түркиянын чыгышында, тагыраагы, Иран менен Түркиянын чек арасында күчү 5,7 баллга жеткен жер силкинүү болгон. Анын кесепетинен Иранда 75 адамдын жабыркагандыгы айтылган.
Эске салсак, январдын соңунда Түркияда жер титиреп, андан 30дан ашык адам көз жумган. Буга байланыштуу Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Режеп Тайип Эрдоганга жана Түркия элине көңүл айткан.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Түркиянын Измир шаарында полиция кызматкерлери кыргызстандык жана дагы башка үч мамлекеттин аялдарын интимдик кызмат көрсөтүүгө мажбурлап келген кылмыштуу топту аныктады. Бул тууралуу Haberler жазды.
Басылманын маалыматына караганда, укук коргоочулар алты эркекти колго түшүргөн. Шектүүлөргө төрт ай бою байкоо салынганы белгиленди.
Факты боюнча кылмыш иши козголду. Аялдарды өз өлкөлөрүнө депортациялоо маселеси каралып жатат.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Өткөн суткада өрттөн эки киши каза болгондугун Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, адам өмүрүн алган кырсыктардын бири Бишкек шаарында, экинчиси Чүй облусунда катталган.
"Түнкү саат 03:45 чамасында Панфилов районундагы Каптал-Арык айылында турак үйдүн чатыры жана ичи күйгөн. Анын кесепетинен 48 жаштагы адам каза болгон. Ал эми таңда, саат 05:19га чукул, Бишкектеги Васильевский тар көчөсүндө жалпы аянты 160 чарчы метр курулуш вагону толугу менен жана Volvo үлгүсүндөгү автоунаанын прицеби күйгөн. Өрт бир адамдын өмүрүн алып кеткен", — деп айтылат маалыматта.
ӨКМ соңку сутканын ичинде өлкө аймагында 13 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 бригада тартылгандыгын кошумча билдирди.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Манас" эл аралык аэропорту Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамынын санын көбөйтмөй болду. Бул тууралуу аталган аба майдандан билдиришти.
Ага ылайык, эртең, 20-январдан тарта, Стамбул — Бишкек — Стамбул авиакаттамы боюнча жумасына жети рейс аткарылат.
Жүргүнчүлөрдү Turkish Airlines авиакомпаниясы ташыйт. Буга чейин авиакомпания жумасына беш рейс жасап турган.