Бишкекте "телефон террорчусунун" ким экени такталды. Маалыматты ал абактан тараткан

© Фото / Pixabay / MimzyТелефондон сүйлөшүп жаткан киши. Архив
Телефондон сүйлөшүп жаткан киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Султанбеков сурак учурунда жалган маалымат тараткандыгын мойнуна алып, бул кылмышты №1 түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам жасаганын айтты.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. "Бишкектеги соода борборлордун биринде теракт болот" деп жалган маалымат берген "телефон террорчусунун" ким экени такталды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

Поддельное удостоверение сотрудника АКС ГКНБ - Sputnik Кыргызстан
Баткенде "УКМК кызматкеримин" деп топ адамдан акча алган киши кармалды. Видео
Билдирмеге ылайык, 23-февралда саат 13:14тө Чүй облустук УКМК башкармалыгынын нөөмөт кызматына өзүн Саид деп тааныштырган адам чалган. Ал "23-февралда саат 16.00дө Бишкек шаарындагы соода борборлорунун биринде теракт болот" деген жалган маалымат берген.

Аталган факт  Кылмыш-жаза кодексинин 239-беренесинин 1-бөлүмү ("Терроризм актысын жасайм деп коркутуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

"Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, телефон чалган адам 30 жаштагы Тагир Султанбеков аттуу кыргызстандык киши экендиги такталды. Ал азыр абакта", — деп жазылат маалыматта.

Белгилүү болгондой, кармалган адам 2013-жылы Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту тарабынан  Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси ("Алдамчылык") жана 167-беренеси ("Тоноо") боюнча тогуз жылга эркинен ажыратылган. Мындан сырткары, 2017-жылы Ысык-Ата соту тарбынан Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси ("Пара талап кылуу") жана 228-беренеси ("Терроризм акты жөнүндө билип туруп жалган кабарлоо") боюнча 11 жылга соттологон. 2017-жылы №3 түзөтүү колониясында отурган учурунда терроризм актысы туралуу телефондон жалган маалымат берген.

"Жалган маалымат тараткан адам 2018-жылдын 16-ноябрынан бери №1 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатат. Султанбеков сурак учурунда жалган маалымат тараткандыгын мойнуна алып, бул кылмышты №1 түзөтүү колониясындагы коркутуулардан улам жасаганын айтты. Учурда тергөө жүрүп жатат", — деп жазылат билдирүүдө.

УКМК террордук акт жасоо менен коркутуу кылмыш болуп эсептелинерин, мындай ишке баргандар 7 жылдан 10 жылга чейин эркинен ажыратыларын эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0