Жол кырсыгы. Архив

Талкаланып калган! Бишкекте бир учурда төрт автоунаа кагышты

297
(жаңыланган 13:27 24.02.2020)
Кырсык жолдун кесилишинде катталган. Бир автоунаанын бампери таптакыр эле талкаланып калган. ЖКККББ маалыматты тактап жатканын айтты.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Чүйдүн Сокулук районунун Новопавловка айылында төрт автоунаа кагышты.

Кырсыктын видеосу "Короче" Telegram каналына жарыяланган.

 

Видеодон көрүнүп тургандай, жолдун кесилишинде үч автоунаа турат. Биринин бампери таптакыр эле талкаланып калган. Андан ары жакта турган жолтандабастын түркүктү сүзүп алгандыгын көрүүгө болот.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо  боюнча башкы башкармалыгынан маалыматты текшерип жатканын айтышты.

297
Белгилер:
автоунаа, Чүй облусу
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (83)
Тема боюнча
Бишкекте ичип алган киши автоунаасы менен арыкка түшүп калды. Видео