Мүлктөр итбекер сатылган. Прокуратура профсоюздар боюнча маалымат берди

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүЖилищное строительство в Московской области
Жилищное строительство в Московской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Депутаттар укук коргоо органдары профсоюзчулардын мыйзамсыз байып жатканын текшербегенине нааразы болушту.

БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы кесиптик бирликтердин (Профсоюз) иши боюнча 17 кылмыш иши козголгон. Бул туурасында профсоюздардын ишмердүүлүгүн иликтөө боюнча түзүлгөн депутаттык комиссиянын жыйынында Башкы прокуратуранын ыкчам издөө жана тергөө иштерин көзөмөлдөө боюнча башкармалыктын жетекчисинин орун басары Жыргал Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, материалдык баалуулуктарды жок кылуу, эс алууга жолдомону арзан же кымбат берүү, мамлекеттик мүлктөрдү, жерлерди сатуу боюнча иш ачылган.

"2018-жылдан ушул күнгө чейин профсоюзчуларга 17 кылмыш иши козголгон. Учурда көп иштерге экспертиза корутунду чыгарып бүтө электигине байланыштуу чечим кабыл алына элек. Айрымдары Финполицияга өткөрүп берилди. Мындан тышкары, төрт иште кылмыштын курамы жок деп токтотулган", — деди Исамилов.

Башкы прокуратуранын өкүлүнүн берген маалыматы депутаттарды канааттандырган жок. Эл өкүлү Кожобек Рыспаев архивдеги статистиканы эле алып келбей, көрүлгөн чаралар тууралуу айтып беришин талап кылды.

"Сиз айткан маалыматтарды биз деле билебиз. Мурдагы жыйында ошону текшерип бергиле деп айтканбыз. Көз карандысыз башкаруудагы уюм деп кайрылууларды карабай коёт экенсиңер. Бирок алар мамлекеттин мүлкүн арзыбаган акчага сатып, бөлүп алып жатпайбы. Эки-үч батирлүү болуп, Lexus унааларын айдап жүрүшөт. Акчаны каяктан таап жатат алар? Дүйшөнбек Зилалиевди мыйзамсыз байыган деп камап койдуңар го. Буларды эмнеге текшербейсиңер?" — деп ачууланды Рыспаев.

ЖК депутаты Таабалды Тиллаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жада калса аялын тартып алат экенсиңер! Депутат профсоюз башчыларын тилдеди
Ошондой эле депутаттык комиссиянын төрагасы Таабалды Тиллаев профсоюздарга өкмөттөн 300 миллион сом бөлүнөрүн, ал эми эмгекчилердин маянасынан алынган (бир пайызы) каражатты кошкондо жылына бир миллиард сом жыйналарын белгиледи. Анын ичинен Саламаттык сактоо менен Билим берүү жана илим министрлигинде иштегендерден эле 400 миллион чогулары белгилүү болду.

Буга чейин депутаттар Кесиптик бирликтердин укуктарын кайрадан ыраатташтыруу үчүн мыйзам долбоорун сунуштап, экинчи окуудан өткөн. Бирок Кесиптик бирликтердин федерация өкүлдөрү мыйзам долбооруна каршы чыккан. Бул мыйзам талкууга түшкөндүктөн талдоо үчүн атайын комиссия түзүлгөн.

Аталган мыйзамга 1998-жылдан бери өзгөртүү киргизиле элек. Сунушталган долбоор кызматкерлердин жаш курагын 65тен ашырбоо, чогулган каражаттын ачык-айкындуулугун камсыздоого жана мамлекет тарабынан көзөмөлдү күчөтүүгө багытталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0