Автомобильные ключи и деньги на стол

Бишкек: мас болуп Lexus айдаган киши 24 миң сомдук айып пулга жыгылды

277
(жаңыланган 20:07 24.02.2020)
Кара түстүү Lexus GX 470 каршы тараптан келе жаткан Honda Stepwgn автоунаасын сүзүп алган, андан соң артка берип качып кеткенге аракеттенип, анда дагы башкаларга кооптуулук жараткан.

БИШКЕК, 24-фев. — Sputnik. Бүгүн мас болуп Бишкек шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде автоунааны сүзгөн Lexus GX 470 жолтандабастын айдоочусу 24 миң сомдук айыпка жыгылды. Бул туурасында Кайгуул милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Эске салсак, окуя Сүйөркулов менен Жукеев-Пудовкин көчөлөрүнүн кесилишинде болуп, видеосу тараган.

Кара түстүү Lexus GX 470 каршы тараптан келе жаткан Honda Stepwgn автоунаасын сүзүп алган, андан соң артка берип качып кеткенге аракеттенип, анда дагы башкаларга кооптуулук жараткан. Кийин качып кеткен.

Аны Кайгуул милициясы Бишкектеги 12-кичи райондон кармаган.

"Мас айдоочуга Эреже бузуулар жөнүндө кодекстин 127- беренесинин 1.2 пункттарына ("Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу") жана 128 ("Транспорт каражатын мас болуп айдоо") беренелерине ылайык протоколдор толтурулуп, жалпысынан 24 000 сом айып салынды", — деп Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Окуя 24-февралда болжол менен саат 14:40 чамасында болгон.

277
Белгилер:
айып пул, айдоочу, мас, жол кырсык, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (199)
Тема боюнча
Россиядагы кыргызстандыктар жол кырсыгына көп кабылууда. Себептери
Бишкекте болгон жол кырсыгынан төрт адам каза болду. Сүрөт
Ысык-Көл. Архив

Ысык-Көлдө 19 жаштагы жигит чөгүп кетти

51
(жаңыланган 10:15 14.08.2020)
Каргаша кечээ, 13-август күнү, түштөн кийинки маалда болгон. Маркумдун сөөгүн суудан куткаруучулар алып чыгып берген.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. Чолпон-Ата шаарында көлгө түшүп жаткан 19 жаштагы жигит чөгүп кеткенин ӨКМ билдирди.

Маалыматта кырсык 13-августта түштөн кийин болгону айтылат.

Маркумдун сөөгүн суудан куткаруучулар алып чыгып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

51
Белгилер:
Суу, жигит, Чолпон-Ата, Ысык-Көл облусу
Тема боюнча
Эс алам деп... Хакасиядагы жол кырсыгында кыргызстандык жигиттер каза болду
Колуна кишен тагылган киши. Архивдик сүрөт

Интерпол аркылуу изделген Түркиянын эки жараны Кыргызстанда кармалды

194
(жаңыланган 16:40 13.08.2020)
Кыргызстанда оор кылмыштар үчүн эл аралык издөөдө жүргөн эки чет элдик кармалды. Алардын бири өлкөдө 15 жылдан бери жашап жүргөнү белгилүү болду.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн Түркиянын эки жараны Кыргызстанда колго түшүрүлдү. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Биринчиси 32 жаштагы Ч.О. аттуу жаран. Ал 2011-жылы өспүрүмгө карата сексуалдык зомбулук жана кишини барымтада кармоо беренелери менен айыпталган. Интерпол аркылуу ушул жылдан баштап изделип жаткан.

Насыя үчүн аялын өлтүрө сабаган зөөкүр. Июлдагы соттук чечимдер

Экинчиси 62 жашта, Түркияда дайынсыз жоголуп кеткен адам катары 2010-жылдан бери изделип келген.

"Алдын ала маалыматтарга караганда, бул киши Кыргызстанга 2005-жылы келип, ар кайсы жерлерде жашап жүргөн", — деп айтылат билдирүүдө.

Эки учур боюнча тең издеп жаткан тарапка маалымат берилип, мындан аркы кадамдар күтүлүүдө.

194
Белгилер:
издөө, ИИМ, Түркия, Кыргызстан
Тема боюнча
Бишкек: үйдөн сейфти 2,5 млн сому менен көтөрүп кетти деген шектүүлөр кармалды
Ганси базасында ачылган Семетей госпиталы

Акыркы бейтаптар айыгып чыкты. "Гансидеги" стационар жабылды

0
(жаңыланган 11:53 14.08.2020)
"Семетей" алгач чет элден келген жарандарды обсервацияга алуу жайы катары ачылган. Кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуганда ал стационарга айланган.

БИШКЕК, 14-авг. — Sputnik. "Ганси" базасында ачылган "Семетей" госпиталынан 13-августта акыркы бейтаптар чыгарылып, ал жер жабылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.

"Семетей" стационары дээрлик 1,5 ай иштеп, анда 1 500 бейтап дарыланды. Азыр аны күз-кыш мезгилдерине, коронавирус илдетинин экинчи толкунуна даярдоо иштери жүрүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Киши келбей калган. Бишкекте дагы үч стационар жабылды

Белгилей кетсек, "Семетей" алгач чет элден келген жарандарды обсервациялоо жайы катары ачылган. Кийин өлкөдө эпидемиологиялык абал курчуганда ал стационарга айланган.

0
Белгилер:
даярдык, коронавирус, стационар, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өткөн суткада коронавирустан 304 бейтап айыкты
Ош шаарындагы посттор алынып, тамактануучу жайлардын иштөө убактысы узарды