Декларация тапшыруудан буйтаган 18 прокурор жазаланды

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов
Кыргыз Республикасынын башкы прокурору Өткүрбек Жамшитов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жыл сайын мал-мүлкү тууралуу Салык кызматына декларация тапшырат.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы мыйзам бузуу менен декларация тапшыргандар жөнүндө жиберген материалдар боюнча 18 прокурорго чара көрүлдү. Бул туурасында Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, алардын киреше-чыгашасы боюнча 2018-жылга карата тапшырган декларациясында туура эмес маалымат камтылган.

"Мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгү автоунааларды алып-сатууда өз убагында ээсине каттабаганында болду. 18 кызматкердин баарына эскертүү берилди. Тиешелүү буйрукка баш прокурор Өткүрбек Жамшитов кол койду. Ал эми 31 кызматкердин декларация боюнча мыйзам бузганы аныкталган жок", — деп айтылат маалыматта.

Башкы прокуратуранын жетекчилиги тарабынан прокуратура органынын кызматкерлерине бул сыяктуу мыйзам бузууларга жол бербей, талаптарды так аткарууга тапшырма берилгени айтылат.

Белгилей кетсек, мыйзам боюнча мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер жыл сайын мал-мүлкү тууралуу Салык кызматына декларация тапшырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0