БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Кечээ Кара-Суу районундагы Папан айыл аймагында өрт чыгып, 64 жаштагы киши каза тапкан. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүдө жыгач устундуу шифер жабылган эки кабаттуу турак үйдүн чатыры, бир бөлмөсү жана анын ичиндеги оокаттары күйгөндүгү айтылган.
Министрлик кырсыктын себеби такталып жаткандыгын кошумча билдирди.