Жолтандабас айдаган аял милиционерлерди түртүп, кыйкырып... Бишкектеги видео

© AFP / FAYEZ NURELDINEРазрешение на вождение авто женщинам в Саудовской Аравии
Разрешение на вождение авто женщинам в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кайгуул милициясы кызматынын башкармалыгы айдоочу Чүй проспекти менен кетип бара жатып кош сызыктан өткөндүгү үчүн токтотулганын билдирди.

БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Бишкекте Toyota Land Cruiser жолтандабасынын айдоочусу менен автоинспекторлор чатакташа кетти.

Окурмандын Sputnik агенттигине билдиришинче, аял жолдогу кош сызыктан өтүп кеткен. Камерага түшүп калганын билгенден кийин аял автоинспекторлор андан акча талап кылып жатканын айткан.

Кадрларда көрүнүп тургандай, айдоочу унаасынын алдыңкы эшигин жапканга аракет кылганда, милиционердин бири анысын жаптырбай туруп алган. Каршылык көрсөткөн аял аларга кыйкырып, түртүп, бирөөсүн төшкө да урган.

Бишкектин Кайгуул милициясы башкармалыгынын маалымат кызматы Sputnik агенттигине окуя 26-февралда болгонун билдирди. Аял Чүй проспекти менен кетип бара жатып кош сызыктан өтүп кеткен. Милиционерлер андан документтерин сураганда каршылык көрсөткөнү айтылды.

"Аялдын автоинспектор акча талап кылды дегени чындыкка дал келбейт. Айдоочу алардан кечирим сурады", — дешти Кайгуул милициясынан.

Жолтандабастын айдоочусуна айып пул салынганы кошумчаланды.

Жаңылыктар түрмөгү
0