Келин алабыз деп соттолуп кеткен күйөө менен куда-кудагый. Февралдагы өкүмдөр

© AFP / AXEL HEIMKENСотто отурган шектүү. Иллюстративдик сүрөт
Сотто отурган шектүү. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бир тууган инисин бычактап өлтүргөн ага сөрөй, көңүлдөшүнүн баласын уурдап кетип, анын сөөгүн жарым жолго таштаган келин, 15 жаштагы кызды келин кылып алган үй-бүлө.

Sputnik Кыргызстан агенттиги узап кеткен февраль айындагы чуулуу соттук иштердин айрымдарынын чоо-жайын сунуштайт, алардын арасында төбө чачты тик тургузган окуялар да бар.

Аял күйөөсүз, бөбөк атасыз калганда

Борбор калаадагы "Айчүрөк" дүр-дүйнө дүкөнүндө иштеген 27 жаштагы сатуучу 47 жаштагы эркекти бир нече жолу башка уруп, бир жолу тээп жиберген. Ал алган жаракатынан эсине келбей каза болгон. Шектүү кылганын жарым-жартылай мойнуна алып, төмөндөгүдөй көрсөтмө берген.

Кары аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: сот мугалимди сабактан күч менен сүйрөп чыккан аял боюнча чечим чыгарды
"Мен өзүм ЦУМда телефон оңдоп иштейм. Окуя болгон күнү ал адам мага кытай өндүрүшүндөгү эки телефонду оңдоп бер деп келген. Мен ага аны оңдоо кымбат болуп калат десем, ал бир телефонун кубаттап берчи деп калды. Мен ылдый жакка аны коюп жатып бир телефонумду алып жатканын көрүп калдым. Сатыкта турган телефонду бер десем, ал мага өзүнүн эски уюлдук аппаратын алып чыккан. Берки телефонду баштыгынан тапканда ызаланып эки жолу башка чаап, бир жолу тээп жибергем. Ал жерге Тез жардам кызматы бир сааттан кийин келди. Анын каза болгонун угуп өзүм Свердлов РИИБине барып, кызматкерлерге болгон окуяны айткам. Көз жумган киши мас болчу, сөгүнүп жаткан, ошого ачуум келди. Жабырлануучуну сабагам, бирок аны өлтүрүү оюмда болгон эмес", — деген айтыпталуучу.

Сот жаш жигитти жети жылга эркинен ажыратты. Каза болгон жарандын артында келинчеги менен кичинекей кызы калган.

Кызганычтан улам жаш кызды бычактаган

Бир балалуу 32 жаштагы келин Бакыт деген ат менен Instagram-аккаунт ачып жаш кыз менен таанышып, андан соң аны жолугушууга чакырган. Бишкектин көчөлөрүнүн биринде түн ортосунда кезигип, жабырлануучуга бычак менен кол салган. Кыз качууга аракет кылган, бирок айыпталуучу ага жетип барып 33 жолу бычак сайып өлтүргөн. Келин жасаган кылмышын жашыруу максатында 25 миң сомдук уюлдук телефонун, 28 миң сом акчасын жана үч миң сомдук сумкасын алып кеткен.

Териштирүү маалында айыпталуучу мындай кадамга кызганычтын айынан баргандыгы аныкталып, сотто каза болгон кыз шектүү келиндин жолдошу менен ажырашып, бир кызы менен жалгыз калуусуна себепчи болгондугу айтылган.

Соттук-медициналык экспертиза маркумдун мойнуна, төшүнө учтуу нерсе сайылып көз жумгандыгын тастыктаган. Айыпталуучу аял камакка калтырылып, сот ишти кайра кароого жөнөттү.

Арак ичип бычактап салган

Празднование золотой свадьбы в семье алтайских казахов Дюсенби и Марии Кобдобаевых - Sputnik Кыргызстан
Эт жеп отуруп бир тууган инисин бычак менен сайган. Соттук өкүм
Үйдө арак ичип отурган төрт достун экөө урушуп мушташа кетет да, бири экинчисин бычак менен башка сайып жиберген. Бычак жеген адам ооруканага жеткирилип аман калган. Бирок териштирүү учурунда шектүү өзүн-өзү коргоого аракет кылганын айткан. Соттук-психиатриялык экспертиза анын кылмыш жасаган маалда акыл-эси ордунда эле болгондугун аныктаган. Бычак шилтеген жаран беш жылга темир тор артында калды.

Бир күндө беш адам соттолгондо

Сот жоопкерчилигине тартылган беш жаран жашы жете элек 15 жаштагы кыздын турмушка чыгуусуна себепчи болгон. Алардын арасында окуучу кыздын өз атасы, айылдын имамы, кулдук уруп барган куда менен кудагый жана бийкечтин болочоктогу жолдошу болгон. Тараптар алдын ала макулдашып, калың алып барып той өткөрүшкөн. Тараптардын сотто айтканына караганда, алар кыздын 18 жашка чыга электигин билген эмес. Бирок бардыгы тең кылганын мойнуна алып, ал эми жабырлануучу эч кимге доосу жок экендигин айткан. Жыйынтыгында беш киши тең бир жылдык мөөнөткө шарттуу кесилди.

Бир тууганын бычактаган эргул

Каргаша өткөн жылдын жай мезгилинде Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда 39 жаштагы эркек үйгө мас болуп келип, эт жеп отуруп бир тууган иниси менен уруша кетип, аны бычак менен сайып жиберген. Окуя алардын ата-энесинин үйүндө болгон. Төрт ай мурун үйлөнгөн жаш жигит көп кан жоготуп, окуя болгон жерде көз жумган. Сот айыпталуучуну 10 жылга эркинен ажыратып, 110 миң сом айып пул салды.

Көңүлдөшүнүн баласын уурдап кеткен

Куралдын огу. Архив - Sputnik Кыргызстан
АК-47 автоматынын бир огу менен кармалып кесилип кетти. Соттук чечим
Сот 52 жаштагы жубанды 20 жылга эркинен ажыратты. Окуя аял чогуу жашап жүргөн эркектин биринчи аялы Россиядан кайтып келгенден кийин болгон. Өч алуу үчүн аял жубайлардын жети жаштагы баласын мектептен чыкканда уурдап кеткен.

"Окуя болгонго чейин Жеңиш менен бир жылдан ашык жашап жүргөм. Кийин анын аялы Россиядан келгенде ортобузда уруш-талаш чыгып, убакыт өткөндөн кийин ал аялым менен жашайм деп кетип калган. Ошондо эмне кыларымды билбей, анын баласын Бишкек шаарына алып келип, төртүнчү күнү кайра үйүнө алып бараткам. Жолдон аялы, туугандары телефон чалып, уруша кеткем. Ошол маалда өзүм эмоцияга алдырып жибериптирмин, баланы эмне кылып, каякка таштап кеткенимди билбей калдым", — деп соттолуучу көрсөтмө берген.

Териштирүү маалында ал күнөөсүн толук мойнуна алды.

Айылдагы кандуу окуя

Арак ичип отуруп мушташа кеткен айылдаштардын бири экинчисин катуу сабап окуя болгон жерден кетип калган. Таяк жеген тургун ошол жерден каза болуп калган. Укук коргоо кызматкерлерине айыпкер кылганын толугу менен мойнуна алып кечирим сурап, мастыктын айынан ушул жолго барганын айткан. Чоң муштум жаран он жылга эркинен ажыратылып, 220 миң сом айыпка жыгылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0