Митингчилерди таратуу учурунда желим ок тийген кыз ооруканага түштү

© Sputnik / Максат ЭлебесовСотрудники милиции во время разгона митингующих сторонников Садыра Жапарова
Сотрудники милиции во время разгона митингующих сторонников Садыра Жапарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ок жеген кыз Улуттук госпиталга өзү барган. Ок төшүнө тийип, гематома бар экени айтылды.

БИШКЕК, 2-мар. — Sputnik. Бишкектеги митингге катышкандарды таратуу учурунда жаш кызга желим ок тийген. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, жабыркаган кыз ооруканага өзү кайрылган.

"Ок жеген кыз Улуттук госпиталга өзү барган. Ок төшүнө тийип, гематома бар экени айтылды. Учурда жабыркаган кыздын абалы канааттандырарлык", — дешти министрликтен.

Азыркы тапта ок жеген кыз ооруканада.

Жаңылыктар түрмөгү
0