БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Бишкекте 2-мартта өткөн митингде жалпысынан 22 адам ар кандай жаракат алып, ооруканаларга кайрылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.
Алардын арасынан 19 киши укук коргоо органдарынын кызматкерлери.
"Жалпысынан 22 киши кайрылды. Алардын ичинен үчөө жөнөкөй жарандар. Алгачкы медициналык жардам көрсөтүлгөн соң 21 киши амбулатордук дарыланууга жөнөтүлдү. Баш мээси чайкалган жана мойну жабыркаган бир милиция кызматкери Улуттук госпиталга жаткырылды. Абалы канааттандырарлык", — деп айтылат билдирүүдө.
Ал эми Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, митингде жабыркаган кызматкерлердин саны 24кө жеткен.
Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган. Эл каршылык көрсөткөнү менен күчү жетпей качып жөнөгөн. Алардын кээ бирлерин милиция кармап кеткен. Ал эми митингдин уюштуруучулары болгон Садыр Жапаровдун агасы Сабыр Жапаровду, Каныбек Осмоналиевди жана Амангелди Артыковду УКМК кармаган.
Митингчилер кантип кууп таратылганы Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясында кеңири баяндалган.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Бишкекте түндө дүкөн өрттөнүп кеткенин ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.
"Короче" Telegram-каналы өрттүн видеосун жарыялады.
23-январга караган түнү 5-кичи районундагы №48 үйдүн жанында жайгашкан азык-түлүк саткан дүкөндөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 02:39да Октябрь районунан бир бөлүм тартылган.
Тилсиз жоо саат 03:36да чектөөгө алынып, 04:30да толук өчүрүлгөн.
"Кийинчерээк дүкөндүн аянты 50 чарчы метр экени аныкталды. Ошондой эле азык-түлүктөр менен биргеликте 11 муздаткыч жана кондиционер күйүп кеткен", — деп айтылат маалыматта.
Өрткө электр жабдыктарын орнотуудагы эреже бузуулар себеп болгон.
БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ысык-Көлдө уюшкан кылмыштуу топтун "Ботош" аттуу каймана аты бар О.А.К. аттуу активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Ал Ысык-Көл облусунда бир катар кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө. Анын кримтөбөл Камчы Көлбаевдин кылмыштуу тобунда мүчө экени дагы аныкталган.
2020-жылдын сентябрь айында Ысык-Көл облустук сотунун чечими менен "Ботошту" камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн.
УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топторго каршы тиешелүү иш-чаралар жүрүп жатканы кошумчаланды.
БИШКЕК, 23-янв. — Sputnik. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон жана анын уулу, Душанбе шаарынын мэри Рустам Эмомали тажик улуттук университетинде улут лидеринин музейин ачышты. Бул тууралуу Sputnik Тажикстан агенттиги жазды.
Жума күнү Рахмон уулу менен университеттеги жети кабаттуу жаңы окуу корпусунун ачылышына катышкан. Анда студенттер экономика жана финансы багытында билим алышат.
Ушул эле корпуста өлкө президенти — улут лидери Эмомали Рахмондун музейинин ачылышы болгон.
Музей Тажикстандын улуттук университетинин окумуштуулар кеңешинин чечими менен мамлекет башчысынын эмгегин жаштарга эске салып туруу үчүн түзүлгөнү айтылат.