Садыр Жапаровдун тарапташтарынын митинги

Милиция митинг учурунда ЖК кызматкерлерине кол көтөргөн аялдарды издеп жатат

238
(жаңыланган 18:26 04.03.2020)
Факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш ачылды.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Милиция митинг учурунда Ак үйдүн дарбазасына келип, Жогорку Кеңеште иштеген кызматкерлерге кол көтөргөн аялдарды издеп жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБдин маалымат кызматынын жетекчиси Улан Жумаков кабарлады.

Кечээ, 2-мартта, митингге чыккан 20-30 чакты аял Ак үйгө барып дарбазасын каккылап, кирүүгө аракет кылган. Андан соң жумуштан чыгып бараткан кызматкерлерди жулкулдатып, кол көтөргөн. Алар депутаттардын жана президенттин чыгышын талап кылган.

Аталган факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылды.

Эске салсак, 2-мартта саат 11:00дөр чамасында Бишкекте Садыр Жапаровду абактан чыгарууну талап кылып 1000ден ашык адам митингге чыккан.
Анда чыгып сүйлөгөндөр саясатчыны бошотуу талабынан сырткары бийликти сындаган пикирлерин айткан. Алардын ичинен 10 кишиден турган топ президент Сооронбай Жээнбековго жолугуу үчүн барып, бирок аппарат кызматкери менен сүйлөшүп кайра келген.
Ал арада чогулган элдин бир тобу кээ бир уюштуруучулардын кебине кулак салбай Ак үйдү көздөй жөнөгөн. Ал жерден милиция менен тирешип калган. Бирок милиция демонстранттарды "Ала-Тоодон" басымы жогору суу, жаш агызуучу газ колдонуп сүрүп чыгарган.

Айрым аялдардын жоругун бул видеодон көрө аласыз.

 

238
Белгилер:
кол, издөө, аял, Митинг
Тема:
Садыр Жапаровдун тарапташтарынын Бишкектеги митинги (25)
Тема боюнча
Экс-депутат Каныбек Осмоналиев УКМКнын тергөө абагына киргизилди
Мэрия Бишкектин борборунда митинг өткөрүүгө тыюу салган чечимге кызыкдар
Камакка алынган жаран. Архивдик сүрөт

УКМК укук коргоочу Рузиев Караколдон кармалганын кабарлады

113
(жаңыланган 19:18 30.05.2020)
Камилжан Рузиевге каршы эки кылмыш иши козголгон. Күч органдары анын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогун текшерүүдө.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлери тарабынан "Вентус" коомдук бирикмесинин башчысы Камилжан Рузиевдин кармалганын аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

57 жаштагы укук коргоочуга карата Кылмыш-жаза кодексинин 359 ("Документтерди жасалмалоо") жана 204-беренеси ("Алдамчылык") менен иш козголгон.

Кармалган жаран Каракол шаардык ИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

УКМК учурда шектүүнүн башка кылмыштарга тийиштиги бар-жогун текшерип жатат.

113
Белгилер:
берене, кылмыш, укук коргоочу, УКМК
Тема боюнча
Алай: постто турган кайгуулчуну сүзүп из сууткан чек арачы кармалды
Атланта шаарында болгон башаламандык

АКШдагы башаламандык: митингге ири шаарлар кошулууда

775
(жаңыланган 14:48 30.05.2020)
Президент Дональд Трамп көз жумган афроамерикалыкка полиция тарабынан жасалган мамиле акылга сыйбай турганын айтты.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Нааразылыгын билдирип чыккандар, алардын полиция менен кагылышуусу жана вандализм актылары ушу тапта АКШнын Нью-Йорк, Атланта (Жоржия штаты), Альбукерке (Нью-Мексико штаты), Фонтана, Сан-Хосе (Калифорния штаты) жана Хьюстон (Техас штаты) шаарларында күчөп жатат. Бул тууралуу РИА Новости жазды. 

Эскерте кетсек, массалык башаламандык полиция тарабынан кармалган Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталган. Интернетте полиция кызматкерлери анын колуна кишен салгандан кийин жыгып, үчөөлөп басып калган видео тарады. Бирөөсүнүн тизеси моюн жакка туш келген. Флойд бир нече жолу дем ала албай калганын айтып, андан кийин тынчып калганын көрүүгө болот. Эркек киши реанимацияда көз жумган. Митинг башталгандан кийин төрт полиция кызматкери иштен алынып, бирөөнө "кокусунан өлүмгө дуушар кылган" деп айып тагылууда. Ал арада АКШ президенти Флойдду кармаган полиция кызматкерлеринин жоругун "акылга сыйгыс" деп атаган.

Маалыматта Пентагондун Миннеаполис шаарында аскер полициясын жөнөтүүгө кам уруп жатканы айтылат. Түндүк Каролинадагы Форт-Брэгг жана Нью-Йорктогу Форт-Драманын жоокерлерине төрт сааттын ичинде, ал эми Колорадодогу Форт-Карсон менен Канзастагы Форт-Райлидеги аскерлерге 24 сааттын ичинде аракеттерге даяр турууга буйрук берилди.

Пентагондон айтылган маалыматта, президент Дональд Трамп коргоо министри Марк Эсперге Миннеаполистеги акциялар көзөмөлдөн чыгып кете турган болсо чара көрүүгө даяр туруусун тапшырды. Шаарда улуттук гвардия митингчилерге каршы көздөн жаш агызуучу газ колдонууда. Дүкөндөр тонолуп, 200 имарат талоончулукка туш болгону айтылды.

Аскердик бөлүктөр 1807-жылдагы көтөрүлүш жөнүндөгү мыйзамга ылайык жайгаштырылат. Аталган мыйзам акыркы жолу 1992-жылы Лос-Анжелесте болгон башаламандыкта колдонулган.

ЖМКлар нааразылык акцияларынан улам Ак үй да аз убакытка жабылганын жазышты, митинг ошол жерде өтүүдө.

775
Белгилер:
акция, Дональд Трамп, полиция, митинг, башаламандык, АКШ
Тема боюнча
Мексика: мэрди Рождество кечесинде атып кетишти
Ошко 30-майда Урал авиакаттамдары авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди.

Ошко Екатеринбургдан 233 кыргызстандык кайтып келди

0
(жаңыланган 21:15 30.05.2020)
Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Ошко 30-майда "Урал авиакаттамдары" авиакомпаниясынын Екатеринбург — Ош рейси менен 233 кыргызстандык жаран учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматта авиакаттам дүйнөдө коронавирус пандемиясына байланыштуу чек аралардын убактылуу жабылышынан улам чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын жарандарын кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында жүзөгө ашырылды.

"Бул каттам менен ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар, оор илдети барлар, улгайган курактагы адамдар, кош бойлуу жана жаш балалуу энелер, турмуштук оор кырдаалдагы жарандар мекенине кайтарылды. Жүргүнчүлөрдүн тизмеси жарандардан келип түшкөн кайрылууларды, Урал федералдык округундагы шаарлардын жана аймактардын кыргыз диаспораларынын сунуштарын эске алуу менен түзүлгөн. Ошондой эле "Урал авиакаттамдары" компаниясынан мурда билет сатып алгандар кирди", — деп айтылат билдирүүдө.

Келген бардык жарандар медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга белгиленген тартипте жайгаштырылды.

0
Белгилер:
эпидемия, коронавирус, мекендештер, каттам, Кыргызстан, Ош, Екатеринбург
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкекке Филиппин жана Түштүк Кореядан 58 жаран кайтып келди