Таңга жуук 67 жаштагы киши жолтандабасы менен бакты сүзүп каза тапты. Сүрөт

Жазылуу
Жолтандабастын айдоочусунун көчөдөн үч автоунааны катары менен сүзгөндүгү маалымдалды. Ал киши кырсык болгон жерден жан берген.

БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Таңга жуук Бишкек шаарында Lexus LX470 үлгүсүндөгү жолтандабас айдап бара жаткан киши алгач үч автоунааны, андан ары бакты сүзүп токтоп көз жумган. Бул туурасында Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.

Окуя болжол менен саат 04:10 чамасында Бөкөнбаев көчөсүндө болгону кабарланды.

"67 жаштагы айдоочу Бөкөнбаев көчөсү менен күн батыш тарапка бара жатканда кырсыктаган. Автоунааны башкара албай №182 үйдүн тушунда токтоп турган Toyota Land Cruiser, Honda Stepwgn жана Audi автоунааларын, андан ары бакты сүзгөн", — деп айтылат маалыматта.

Айдоочу ошол жерден көз жумган.

Бул бүгүнкү күндүн эсеби менен алганда үчүнчү автокырсык болду. Буга чейин борбор калаадагы көчөнүн биринен 44 жаштагы киши 77 жаштагы кемпирди койдуруп кетип, ошол жерден жан берген. Ал эми Бишкек — Ош автожолунда жети киши каза таап, алтоо жаракат алган.

 

Виджет news
Жаңылыктар түрмөгү
0