Жолдон өтүп бараткан кыз. Архив

Жаш кызды сүзгөн айдоочу аны ооруканага алып бара жатып, жолдон түшүрүп салган

574
(жаңыланган 14:59 05.03.2020)
16 жаштагы кыз ооруканага өзү кайрылып, дарыгерлер анын төшү жана тизеси жабыркаганын айтышкан. Кылмышка шектелген айдоочу кармалды.

БИШКЕК, 5-мар. — Sputnik. Борбор калаада эркек киши 16 жаштагы кызды автоунаа менен сүзүп кетип, аны ооруканага алып бара жатып, орто жолдон түшүрүп салган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынан кабарлашты.

Билдирмеге ылайык, жол кырсыгы 19-февраль күнү 15:30да болгон. Белгисиз айдоочу Гагарин көчөсү менен келе жатып, Купянский көчөсүнөн 16 жаштагы кызды сүзүп алган. Ал кызды ооруканага алып барарын айтып, автоунаасына отургузган. Бир аз айдаган соң кызды жол четине таштап, из жашырып кеткен.

Жабыркаган кыз ооруканага өзү кайрылып, дарыгерлер анын төшү жана тизеси жабыркаганын айтышкан. 4-март күнү кылмышка шектелип Honda Odissey үлгүсүндөгү автоунаанын 32 жаштагы айдоочусу кармалган. Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 155-беренеси ("Жол эрежелерин бузуу") боюнча иш козголгон.

 

574
Белгилер:
оорукана, айдоочу, Бишкек, жол кырсык
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар (83)
Тема боюнча
Таңга жуук 67 жаштагы киши жолтандабасы менен бакты сүзүп каза тапты. Сүрөт
Эртең менен Бишкекте кемпирди автоунаа коюп кетип көз жумду. Видео