Ооруканадгы бала. Архив

Бишкек: атасы бычактады делген тестиердин абалы айтылды

997
Жума күнү түшкө жуук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи райондо жашаган үй-бүлөдө жаңжал чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Жерине барган милиция аялы менен күйөөсү өлүп, баласы жаракат алганын көргөн.

БИШКЕК, 6-мар. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлигинен Бишкекте атасы бычактады делген 10 жашар баланын абалы тууралуу маалымат берди.

Бирдирүүгө караганда, тестиердин абалы өтө оор.

"Көкүрөгүнө сайылган бычак далысынан тешип чыккан, азыр абалы өтө оор. Бала жасалма дем алдыруучу аппаратта жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, жума күнү түшкө жуук милициянын нөөмөт бөлүмүнө 5-кичи райондо жашаган үй-бүлөдө жаңжал чыкканы тууралуу кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн бириндеги батирге кирип барып бычакталган аялды, ваннадан кишинин сөөгүн табышкан. Анын денесинде суициддин белгиси болгон. Жубайлардын 10 жаштагы уулу Медициналык тез жардам аркылуу клиникалык балдар ооруканасына жеткирилген.

997
Белгилер:
абал, оорукана, жаракат, бала, Бишкек
Тема боюнча
Аялын бычактап, уулун жарадар кылган. Бишкектеги үй-бүлөнүн трагедиясы