Шаардын көчөсүндө басып жүргөн киши. Архив

ИИМ: былтыртан бери Москвада изделип жаткан КР жараны жанын кыйганы аныкталды

266
(жаңыланган 19:48 07.03.2020)
Ош облусунан барган киши соңку ирет былтыркы жылдын август айында байланышка чыккан. Туугандары аны өз алдынча издеп таба алышкан эмес.

БИШКЕК, 7-мар. — Sputnik. Былтыркы жылдан бери Москвада изделип жаткан Кыргызстандын жараны өзүнүн өмүрүн кыйганы жакында эле белгилүү болгонун ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгүнө декабрдын башында 45 жаштагы аял кайрылып, 43 жаштагы күйөөсүн таап берүүнү өтүнгөн. Ош облусунан барган киши соңку ирет былтыркы жылдын август айында байланышка чыккан.

Ал 2011-жылдан тарта Москванын Бабушкин районунда убактылуу жашап, иштеп келген. Туугандары аны өз алдынча издеп таба алышкан эмес.

ИИМдин өкүлчүлүгү менен москвалык укук коргоо органдары тарабынан шаардын бардык жерлеринде издөө иштери жүргүзүлгөн. Ошондой эле өлүкканалардан окшош белгилери боюнча карашкан.

24-октябрда кыргызстандыктын сөөгү Москва облусунун М-4 "Дон" унаа жолунун 20-чакырымынан табылганы белгилүү болду. Тергөө иштеринин натыйжасында анын өз өмүрүн кыйганы аныкталган. Сөөгү соттук-медициналык экспертиза жүргүзүү үчүн өлүкканага жиберилип, андан кийин мамлекеттин эсебинен жерге беришкен.

5-мартта туугандары иштин материалдары менен таанышышкан. Эркек кишинин сөөгүн жерден каздырып, мекенине жиберүү пландалып жатканы айтылды.

266
Белгилер:
өлүм, издөө, ИИМ, Москва, Кыргызстан
Тема боюнча
Кайрадан маршрутка... Бишкекте кырсыктаган автоунаалардын видеосу
Бишкек: атасы бычактады делген тестиердин абалы айтылды

Нью-Йоркто акцияга чыккандар камалууда. Видео

34
АКШда башаламандык афроамерикалык Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин башталып, бир катар мамлекеттерге жайылды.

Нью-Йорк полициясы АКШдагы полициянын зомбулугуна нааразы болуп, акцияга чыккандардын арасынан 60 кишини камакка алды. Полиция департаментинин жетекчисинин айтымында, кармалгандар коменданттык сааттын эрежесин бузушкан.

Ал тартип сакчылары мыйзамдын бузулушуна жол бербей турганын айтып, шаар тургундарынын коопсуздугу үчүн бардык кадамдарга барарын белгиледи.

34
Белгилер:
башаламандык, Жорж Флойд, Нью-Йорк, АКШ, полиция
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Мен — Жорж Флойдмун. АКШдагы акциялар дүйнөгө жайылды. Видео
Унчукпай кутулушту. Ак үйдү митингчилерден кайтарган аскерлердин видеосу
Кайрадан орустар. АКШдагы козголоңго Москваны айыптоо кимге зарыл?
Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитинин архивдик сүрөтү

Йеменде Ruptly журналистин үйүнүн жанынан атып кетишти

34
(жаңыланган 22:53 04.06.2020)
Каза болгон жарандын артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды. Аны үйүнүн жанынан өлтүрүп кеткен.

БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Йеменде белгисиз адамдар Ruptly видеоагенттигинин стрингери Набил Хассан аль-Каитини атып кетишкендигин RT агенттигинин Telegram-каналында кабарлады

"Ал Ruptly үчүн сюжет тартып жүргөн жана муну менен катар башка агенттиктер да иштечү. Набилдин артында үч баласы жана кош бойлуу аялы калды", — деп жазат RT.

Журналист Аден шаарындагы өз үйүнүн жанынан киши колдуу болгон.

34
Белгилер:
өлүм, журналист, Йемен
Тема боюнча
Жалал-Абадда шаардык кеңештин депутатынын бир тууган агасын атып кетишти
Сотко беришибиз мүмкүн! Симоньян АКШда жабыркаган журналисттер тууралуу