Ленин районунун салыкчылары 25 миң доллар пара талап кылган деп кармалды

© AFP / ATTA KENAREАКШ долларлары. Архив
АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын эсепчисинен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң жакка чечип берүү үчүн ири суммадагы акча каражатын талап кылышканы айтылды.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматы башкармалыгынын бөлүм башчысы Н.Ш. менен инспектору С.Р. пара талап кылуу фактысы боюнча кармалганын УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирмеге ылайык, жооптуу кызматтагы адамдар жеке компаниянын эсепчисинен салыктык текшерүүнүн жыйынтыгын оң жакка чечип берүү үчүн 25 000 АКШ долларын талап кылышкан.

Ушул жылдын февраль айында салык кызматынын инспектору С.Р. жогорудагы сумманын 5000 долларын алган.

Открытие отделения почтовой связи нового формата в Екатеринбурге - Sputnik Кыргызстан
УКМК почта кызматы аркылуу товар ташыган коррупциялык схеманы аныктады
УКМК 6-марта Ленин райондук салык кызматынын башчысынын жана инспекторунун кабинеттерин тинтүү учурунда жеке компаниянын салык боюнча текшерүүдө көрсөтүлгөн документтерин таап чыккан.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Опузалап пара талап кылуу") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Кармалгандар УКМКнын абагына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0