Бишкекте тепкичке "илинип калган" автоунаа таңда кырсыктаган

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБишкекте Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан Сosmo Park соода-оюн-зоок борборунун кире беришиндеги жол кырсыгы
Бишкекте Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан Сosmo Park соода-оюн-зоок борборунун кире беришиндеги жол кырсыгы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Hyundai Sonatа айып короого токтотулуп, кырсыктын эмнеден болгондугу такталып жатканы айтылды. Айдоочу жабыркаган эмес.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Бишкекте Юнусалиев көчөсүндө жайгашкан Сosmo Park соода-оюн-зоок борборунун кире беришиндеги кырсык таңкы 06:40тар чамасында болгон. Айдоочунун 27 жашта экендиги аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынын маалымат катчысы Байгазы Айтикул уулу билдирди.

Работа общественного транспорта в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жолтандабас кагып, маршрутканын ичиндеги кишилер ыргып кеткен видео
Айдоочу автокөлүктү башкара албай калган жана кырсыктан жабыркаган эмес.

Эске салсак, Hyundai Sonatа үлгүсүндөгү автоунаа тротуарды, тосмолорду, балдар ойногон жерди талкалап өтүп, Cosmo аянтчасынын тепкичтерине тумшугу менен урунуп токтогон видео жарыяланган.

Байгазы Айтикул уулу автокөлүк айып короого токтотулуп, кырсыктын себеби такталып жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0