Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери пара алып жаткан жеринен кармалды

© AFP / ANTHONY WALLACE Кишенделген адам. Архив
Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Талас облусундагы башкармалыктын башкы инспектору менен инспектору жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча талап кылышканы айтылды.

БИШКЕК, 9-мар. — Sputnik. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын Талас облусундагы башкармалыгынын эки кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалышты. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ленин районунун салыкчылары 25 миң доллар пара талап кылган деп кармалды
Билдирмеге караганда, аталган башкармалыктын башкы инспектору менен инспектору жеке ишкананы текшеребиз деген шылтоо менен ишкерден акча талап кылышкан.

Аталган иш КР Кылмыш-жаза кодексинин 326-беренеси ("Опузалап пара алуу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Кармалгандар Талас облустук ИИБдин тергөө камак жайына киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0