БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. 10-мартка караган түнү Ош облусунун аймагында 3 баллга жеткен жер силкинүү болгонун ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Саат 03:07де болгон жер титирөө Ош облусунун Өзгөн районунун Калта, Жыланды айылдарында 3 баллга, Шоро-Башат, Ничке-Сай айылдарында жана Өзгөн шаарында 2-2,5 баллга чейин сезилген.
ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын кошумчалады.