УКМК: Бишкекте жасалма 15 миң доллар саткан киши кармалды

© AFP / S. AXIOTISФальшивые доллары США
Фальшивые доллары США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда жасалма акча сатууга катыштыгы бар башка адамдар изделип жатат.

БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Бишкек шаарында жасалма 15 миң долларды сатууга аракет жасаган 65 жаштагы А.М. аттуу кыргызстандык жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКдан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба ГКНББишкек шаарында жасалма 15 миң долларды сатууга аракет жасаган 65 жаштагы А.М. аттуу кыргызстандык жаран кармалды
УКМК: Бишкекте жасалма 15 миң доллар саткан киши кармалды - Sputnik Кыргызстан
Бишкек шаарында жасалма 15 миң долларды сатууга аракет жасаган 65 жаштагы А.М. аттуу кыргызстандык жаран кармалды

Сотко чейинки өндүрүштүн материалдары Кылмыш-жаза кодексинин 225-беренесинин 2-бөлүмү ("Акчаны же баалуу кагазды жасалмалоо") боюнча Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынды. Ал эми шектүү УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда жасалма акча сатууга катыштыгы бар башка адамдар изделип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0