Бишкектеги ооруканада көз жумган кишини алып келгендер изделүүдө. Видео

© AP Photo / Sakchai LalitМоргдору өлүк. Архив
Моргдору өлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милиция сотко чейинки өндүрүш ишин баштап, маркумдун ден соолугуна оор зыян келтириши мүмкүн деген адамдарга издөө жарыялады.

БИШКЕК, 11-мар. — Sputnik. Бишкектеги ооруканада эркек киши каза болуп, аны медициналык жайга алып келгендер изделип жатканын Свердлов райондук ИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

6-мартта саат 01:20да Свердлов РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө 30-35 жаштардагы эки эркек киши Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна кабыргалары сынган 56 жаштагы кишини жаткырып кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Анын мас экени да айтылат. Бейтап жандандыруу бөлүмүндө каза тапкан.

Эркек кишини ооруканага алып бара жаткан видео "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүктөлдү.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренеси ("Ден соолукка оор зыян келтирүү") менен сотко чейинки өндүрүш башталган.

РИИБ учурда шектүүлөр изделип жатканын кошумчалады. Маалыматы барларды 0 (552) 102-542, 0 (999) 102-004, 0 (555) 102-695 жана 102 номерлерине байланышып коюуну өтүнүүдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0