Финпол азык-түлүктү кымбаттаткан ишкерлерге кылмыш ишин козгоду

© Sputnik / Табылды КадырбековОткрытие уголовного дела в КР
Открытие уголовного дела в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Финполдун маалыматы боюнча, мекеменин алдында жумушчу топ түзүлүп, массалык сатуу алуулар болуп жаткан жерлерге күнү-түнү барып, бааларды көзөмөлдөмөй болушту.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматы алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге карата сотко чейинки өндүрүштөрдү баштады. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

Мэр Оша Таалайбек Сарыбашов ознакомился ситуациаями на продовольственные товары на рынку - Sputnik Кыргызстан
Ундун баасы көтөрүлбөйт. Оштун мэри борбордук базарды кыдырды
Буга чейин өкмөт кечээ айрым базарларда жана супермаркеттерде азык-түлүк массалык түрдө сатып алынганын, бул коронавирус коркунучуна байланыштуу экендигин айткан. Бирок муну жоопкерчиликсиз жана керт башынын камын ойлогон ишкерлер жеке кызыкчылыгына пайдаланып жатышкандыгын белгилешкен.

Финполдун маалыматы боюнча, мекеменин алдында жумушчу топ түзүлүп, массалык сатып алуулар болуп жаткан жерлерге күнү-түнү барып, бааларды көзөмөлдөмөй болушту.

Бүгүн кызматкерлер шаардагы Көлмө конушуна барып 100 миң сомго атайын соода кылышкан. Анда орточо баасы 1200-1500 сом делген бир кап унду 1800 сомго алышкан.

Акыркы суткада алып сатарлык менен алектенген бир катар ишкерлерге Жазык кодексинин 216-беренеси ("Монополиялык аракет жана атаандаштыкты чектөө") менен соттук өндүрүш башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0