Бишкекте акчасын төлөбөй таксисттин унаасын айдай качты делген кыз кармалды

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүТакси на улице Москвы
Такси на улице Москвы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 28-февраль күнү милицияга К.Б. атуу такси айдоочусу кайрылган. Ал 27-февраль күнү саат 23:20да кардар болуп түшкөн кыз автоунаасын айдай качканын билдирген.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкек шаардык милициясы таксинин акчасын төлөбөй, андан соң автоунаанын өзүн айдай качкан деп шектелген 23 жаштагы кызды колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек шаардык Ленин райондук милициясынан билдиришти.

Үстүбүздөгү жылдын 28-февраль күнү милицияга К.Б. атуу такси айдоочусу кайрылган. Ал 27-февраль күнү саат 23:20да кардар болуп түшкөн кыз автоунаасын айдай качканын билдирген.

"Кыз Ахунбаев жана Тыналиев көчөлөрүнүн кесилишине такси чакырган. Көздөгөн жерине барганда акысын төлөбөй турганын айткан. Mazda 626 үлгүсүндөгү автонун ээси милиция чакырып жаткан маалда автону айдап качып кеткен", — деп айтылат билдирүүдө.

Аталган факт Жазык кодексинин 206-беренесине («Автотарнспорттук каражатты уурдоо») ылайык, Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

Анын негизинде шектүү кармалып, эки айга Бишкектеги №1 тергөө абагына киргизилди. Автоунаа өзү Ак-Ордо жаңы конушунан табылып, ээсине кайтарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0