Бишкекте автоунаа уурдады деп казакстандыктар кармалды. Кылмыштын жаңы ыкмасы

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаБишкекте жаңы автоунааларды уурдады деген шек менен казакстандык эки жаран кармалганын шаардык милициядан кабарлашты
Бишкекте жаңы автоунааларды уурдады деген шек менен казакстандык эки жаран кармалганын шаардык милициядан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициядан сигнализация системасын жаңы технологияларды колдонуп жарактан чыгарышкан дешти. Коңшу өлкөнүн жарандары төрт автоунаа уурдады деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 16-мар. — Sputnik. Бишкекте жаңы автоунааларды уурдады деген шек менен казакстандык эки жаран кармалганын шаардык милициядан кабарлашты.

© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаВ Бишкеке задержали двух граждан Казахстана, подозреваемых в угоне новых машин
Бишкекте жаңы автоунааларды уурдады деген шек менен казакстандык эки жаран кармалганын шаардык милициядан кабарлашты - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкекте жаңы автоунааларды уурдады деген шек менен казакстандык эки жаран кармалганын шаардык милициядан кабарлашты
© Фото / пресс-служба ГУВД БишкекаВ Бишкеке задержали двух граждан Казахстана, подозреваемых в угоне новых машин
Иликтөөнүн жүрүшүндө уурулар автоунааны айдап кетүүдө жаңы электрондук технологияны пайдаланганы аныкталган. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Иликтөөнүн жүрүшүндө уурулар автоунааны айдап кетүүдө жаңы электрондук технологияны пайдаланганы аныкталган.
1/2
Бишкекте жаңы автоунааларды уурдады деген шек менен казакстандык эки жаран кармалганын шаардык милициядан кабарлашты
2/2
Иликтөөнүн жүрүшүндө уурулар автоунааны айдап кетүүдө жаңы электрондук технологияны пайдаланганы аныкталган.

Автокөлүгүн уурдаткандардан арыз былтыр жана быйылкы жылдын башында түшкөн.

Биринчи уурулук Бишкектин 7-кичи районунда эртең менен болуп Lexus уурдалса, экинчисинде Toyota Camry 4-кичи райондон жоголгон. Үчүнчү темир тулпар Көк-Жар кичи районунун аймагынан "айдалып кетсе", дагы бир Camry Малдыбаев көчөсүнөн "жок болгон".

Такси на улице Москвы - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте акчасын төлөбөй таксисттин унаасын айдай качты делген кыз кармалды
Бардык фактылар милицияга катталган. Иликтөөнүн жүрүшүндө уурулар автоунааны айдап кетүүдө жаңы электрондук технологияны пайдаланганы аныкталган. Алар бир нече ыкманы пайдаланып, сигнализация коюлган автоунаалардын эшигин оңой эле ачып, айдап кетип турушкан.

Бул иштерге шектелип, казакстандык эки жаран кармалган. Алардын биринин 28, экинчисинин 29 жашта экени айтылды. Алар учурда убактылуу кармоо жайына эки айга киргизилген.

Милиция азырынча бир гана Toyota Camry автоунаасын (россиялык номер тагылган) табууга мүмкүн болгондугун билдирди. Салондон казакстандык номерлер жана "автоуурулукка тиешелүү болгон бир нече далил буюмдар" чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0