Медициналык бет кап. Архивдик сүрөт

Өмүрбекова: Кыргызстандан 1,9 млн. бет кап чыгарып кетүүгө аракеттенгендер кармалды

98
(жаңыланган 12:07 17.03.2020)
Вице-премьер сот иштери бүткөндөн кийин ал товарлар конфискацияланып, мамлекетке берилерин айтты. Учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат.

БИШКЕК, 17-мар. — Sputnik. Кыргызстандан 1,9 миллион даана медициналык бет кап чыгарып кетүүгө аракет кылган жарандар кармалды. Бул туурасында вице-премьер Алтынай Өмүрбекова брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда бул фактылар боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүрүп жатат. Сот иштери бүткөндөн кийин ал товарлар конфискацияланып, мамлекетке берилерин кошумчалады.

Мындан сырткары, Өмүрбекова өлкөдө бет кап тиге турган эки ишкана ишке кирип жатканын кошумчалады.

98
Белгилер:
коронавирус, конфискация, бет кап, брифинг, Алтынай Өмүрбекова, Кыргызстан
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2864)
Тема боюнча
Вице-премьер: Кыргызстанда коронавирус жуктургандар жок
Ошто медициналык бет каптар тигиле баштады
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов

Ырысов: автоунаа кырсыгынан улам мээси жабыркаган бейтаптар көбөйдү

55
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын проректору, профессор, нейрохирург Кеңешбек Ырысов мээ шишиктерине күнүнө ондон операция жасалып жатканын айтты.

Мээнин шишиги эмнеден пайда болору дагы деле белгисиз. Бирок окумуштуулардын божомолуна караганда, тукум куучулук, радиация, экологиянын бузулушу, андан сырткары, химиялык заттар менен көп иштөө таасир этет. Бул тууралуу Кеңешбек Ырысов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Ырысов: автоунаа кырсыгынан улам мээси жабыркаган бейтаптар көбөйдү

Анын айтымында, Кыргызстанда акыркы он жылда компьютердик томография жайылып, элге жеткиликтүү болуп калгандан кийин диагностика кыйла жеңилдеп калды.

"Адамдын мээси дагы деле толук изилденип бүтө элек табышмактуу орган. Ошондуктан мээ, жүлүн ооруларынын диагнозун коюу, дарылоо абдан татаал. Жыл өткөн сайын нейрохирургияга байланыштуу изилдөөлөр жүрүп, жыйынтыгын окумуштуулар жарыялап жатат. Ошентсе да булар органды толук таанып-билүү үчүн жетишсиздик кылат. Кыргызстанда акыркы он жылда нейрохирургиянын абалы жакшырды. Мээге операция жасоонун заманбап, жогорку технологиялык ыкмалары жайылууда. Бейтаптарга инвазивдик операция жасап жатабыз. Жыл өткөн сайын баш сөөгүнөн, мээсинен жаракат алгандар көбөйүп бара жатат. Өзгөчө автоунаа кырсыктарынын кесепетинен мээси жабыркаган бейтаптар көп болууда. Көпчүлүгү майып болуп калып же толук жакшы болуп кете албай жатышат. Андыктан бул маселеге да көңүл бурулушу керек. Ошону менен бирге мээ шишиктеринен жабыр тарткан бейтаптар да көп. Күнүнө ондон операция жасап жатабыз. Шишик негизги кан тамырды каптап өсүп калган учурлар болот. Ошондуктан мээдеги шишикти башка органдардагыдай кылып толук алып сала албайбыз. Убакыт өткөндөн кийин ал кайра өсө берет. Шишик мээдеги тамырларды кысканда бейтаптын бир капталы иштебей, шал болуп же сүйлөй албай калат. Азыр оорулуу 90 пайыз жакшы болуп кетсе,  биз үчүн чоң жеңиш", — деди Ырысов.

Нейрохирург мээдеги залалдуу шишикке караганда залалсызы өтө кооптуу экенин, себеби ал химиялык нур менен дарылоону тоготпой турганын кошумчалады.

Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:

55
Белгилер:
шишик, диагноз, мээ, Кеңешбек Ырысов
Тема боюнча
Мээни керексиз маалыматтардан кантип тазалоо керек. Адистин кеңеши

Анталья токоюндагы ири өрт шаарга өттү, жапа чеккендер бар. Видео

474
Түркиянын Анталья провинциясында токой өрттөнүп, эл жашаган райондорго жана шаардык кварталдарга өттү.

TRT Haber телеканалы маалымдагандай, табигый кырсык 40 градустук ысыкта Манавгат шаарына жакын төрт жерде башталган. Түркиянын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын маалыматына ылайык, жалын шамалдан улам тездик менен алоолоп, эл жашаган аймакка өтүп кеткен.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Gurbetçi Gençler (@gurbetcigencler)

Беш калктуу пунктунун адамдары эвакуацияланган, 50дөн ашык киши жабыркаган. Өрт көптөгөн үйлөрдү жана отелдерди, транспорт каражаттарын, айыл чарба ишканаларын жана ондогон гектар токойду күлгө айланткан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Şırnak Haberleri (@sirnakhaberleri.tr)

Жалынды өчүрүүгө самолет жана пилотсуз учактар тартылган. Мындан сырткары, 19 тик учак жана 960 өрт өчүрүүчү унаалар иштеген.

​Антальянын мэри Мухиттин Беджек мындай өрттү биринчи жолу көрүп жатканын белгиледи.

Бийлик табигый кырсык туристтик жайлардан алыс жерде болгонун, ошондуктан Антальяда эс алып жаткандарга эч кандай коркунуч жоктугун белгиледи.

474
Белгилер:
шаар, өрт, Анталья, Түркия
Тема боюнча
Баткенде Пүшкөт жайлоосу күйүп жатат. Сүрөт, видео

Муун алмашып... Олимпиадада спорттун өзгөчө түрүн көрсөткөн аялдардын видеосу

0
(жаңыланган 21:10 29.07.2021)
Эл аралык Олимпиада комитетинин сайтында өзгөчө видео жарыяланды. Анда Советтер Союзу менен Россиянын атынан Олимпиадага спорттун таянып секирүү түрү боюнча катышкан аялдардын мууну көрсөтүлгөн.

https://www.youtube.com/watch?v=_YoNqw9g31M&feature=emb_title

Олимпиадада гимнастика боюнча аты тарыхта калгандар:

Лариса Латынина (СССР), Мельбурн 1956;

Вера Чаславска (Чехословакия), Мехико 1968;

Нелли Ким (СССР), Монреаль 1976;

Екатерина Сабо (Румыния), Лос-Анжелес 1984;

Светлана Богинская (СССР), Сеул 1988;

Генриетта Оноди (Венгрия), Барселона 1992;

Симона Аманар (Румыния), Атланта 1996;

Елена Замолодчикова (Россия), Сидней 2000;

Моника Рошу (Румыния), Афины 2004;

Хун Ун-Чжон (Кытай), Пекин 2008;

Сандра Избаса (Румыния), Лондон 2012;

Симона Байлз (АКШ) Рио 2016.

0
Белгилер:
бийиктик, видео, олимпиада
Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары
Тема боюнча
Айсулуу Тыныбекова баштаган КРдин балбан кыздары Олимпиадага сапар алды
Кыргызстандык жөө күлүк Нурсултан Кеңешбеков Олимпиадага аттанды