Нарында коронавирус боюнча жалган кабар тараткандар кармалды. Сүрөт

Жазылуу
Узактыгы 15 секундалык видео жүктөлүп, "Тез жардам кызматы келди. Коронавирус айылда катталган окшойт" деген маалымат айтылган. Ал видео көп убакыт өтпөй башка тайпаларда жайылган.

БИШКЕК, 19-мар. — Sputnik. Нарын районунун колдонуучуларынын "Жерге-Тал айылы" аталышындагы WhatsApp тайпасына аталган жерде коронавирус катталгандыгы боюнча жалган маалымат тарап, башкаларга жайылып кеткен. Бул туурасында Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматынын өкүлү Кундуз Эсенгулова билдирди.

Фейк кабар 2020-жылдын 18-март күнү жөнөтүлгөн.

Узактыгы 15 секундалык видео жүктөлүп, ал "Тез жардам кызматы келди. Коронавирус айылда катталган окшойт" деген маалымат менен коштолгон.

Аталган видео көп убакыт өтпөй башка тайпаларда жайылган.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын жана Нарын райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери териштирүү жүргүзүп, видеону тараткандарды тапкан. Алар Нарын шаарынын 26 жаштагы тургуну Д.Э. жана Нарын районунун 46 жаштагы жашоочусу К.К. аттуу аял киши болуп чыккан.

"Тергөөнүн алдындагы маалымат боюнча эркек киши видеону башка аялга жөнөткөн. Ал WhatsApp менен таратып жиберген. Учурда бул окуя боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деген Эсенгулова.

Буга чейин эле бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети коронавирус тууралуу кооптуу ушак кептерди, фейк маалыматтарды тараткандарга катуу чара көрүлөрүн эскерткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0