Пакистандагы кыргызстандыктан коронавирус аныкталды. Ал дааватта жүргөн

© STRINGERСитуация в Пакистане из-за коронавируса
Ситуация в Пакистане из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Covid-19 вирусун жуктуруп алган мекендеш 57 жаштагы эркек киши. Ал төрт мекендеши менен Пакистанга дааватка барган.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Пакистанда жүргөн кыргызстандык жарандан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу КР ТИМ маалымат кызматы билдирди.

Билдирмеге ылайык, Covid-19 вирусун жуктуруп алган мекендеш 57 жаштагы эркек киши.

"Алдын ала маалыматтар боюнча, вирусту жуктуруп алган адам дагы төрт киши менен Пакистанга дааватка барышкан. Жанындагы мекендештеринин экөө 60 жашта, бири 42 жана 24 жаштагы кыргызстандыктар. Бул жарандар консулдук каттоого турган эмес. Пакистандагы Кыргызстандын элчилигине жардам сурап да кайрылышкан эмес. Азыркы тапта ооруну жуктуруп алган жаран Пакистандагы PIMS (Pakistan Institute of Medical Sciences) ооруканасына жаткырылды. Жанындагы калган төртөө карантинге алынды", — деп жазылат маалыматта.

Кыргызстандын Пакистандагы элчилиги Исламабад шаарынын администрациясы жана укук коргоо органдары менен дайыма байланышта экени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0