Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 42ге жетти

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүКоронавируска текшерүү. Архивдик сүрөт
Коронавируска текшерүү. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин 16 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын баары ооруканада дарыланып жаткан болчу.

БИШКЕК, 24 мар — Sputnik. Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган дагы 26 адам аныкталып, жалпы оорулуулардын саны 42ге жетти. Бул туурасында Республикалык штабдын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков айтты.

Мындан сырткары, ооруканага жаткырылган дагы төрт адамдан алдын ала коронавирус бар деген жыйынтык чыккан (контролдук изилдөөлөр жүргүзүлүүдө).

Ошондой эле 96 адамдын анализдери шектүү болуп, азырынча терс жыйынтыгын көрсөтүүдө.

Бардыгы болуп 142 адам ооруканага жаткырылды (68 эркек, 74 аял).

Бейтаптар Бишкек шаарындагы Республикалык  инфекциялык клиникалык ооруканада, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында, Ноокат аймактык ооруканасында, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жана Баткен облустук бириккен ооруканасында жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0