Кичинекей баланын силуэти. Архивдик сүрөт

Коронавирус жуктурган 26 адамдын арасында үч бала бар

2571
(жаңыланган 13:54 24.03.2020)
Ушуну менен ооругандардын саны 42ге жетти. Буга чейин 16 адамдан коронавирус аныкталган. Алардын баары ооруканада дарыланып жаткан болчу.

БИШКЕК, 24-мар. – Sputnik. Кыргызстанда бүгүн, 24-март күнү, дагы 26 адамдан коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Төлө Исаков билдирди.

Анын айтымында, вируска кабылгандардын арасында бир жашка чейинки бир ымыркай, алты жаштагы жеткинчек, 14 жаштагы өспүрүм бар. Дагы бир наристеден вирус шектелип жатканы айтылды. Калгандары 16 жаштан 86 жашка чейинки тургундар.

Бейтаптар Бишкек шаарындагы Республикалык инфекциялык клиникалык ооруканада, Ош облустар аралык клиникалык ооруканасында, Ноокат аймактык ооруканасында, Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасында жана Баткен облустук бириккен ооруканасында жатат.

2571
Белгилер:
ымыркай, коронавирус, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (421)
Тема боюнча
Чагылгандай! ДССУ коронавирустун дүйнөгө тездик менен тарап жатканын айтты
Талаптар катуу болот! Өзгөчө абал тууралуу эмнелерди билүү керек