Бишкекте коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды

Жазылуу
Алар райондук милициялардын бөлүмдөрүнө жеткирилди. Мыйзам чегинде чаралар көрүлүп жатканы айтылды.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Бишкекте коменданттык саат башталган кечте 100 киши кармалды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Алар райондук милициялардын бөлүмдөрүнө жеткирилди.

"Чаралар көрүлүп жатат. Коменданттар ордунда, ишеним телефондору күнү-түнү иштеп жатат. Шаар ичин 70 кайгуул автоунаасы кыдырып жүрөт”, — деп айтылат билдирүүдө.

Вступление комендантского часа в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Коменданттык саат учурунда Бишкек кандай көрүнөт. Сүрөт жана видеолор
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларына, ошондой эле үч районго өзгөчө абал режими киргизилди. Бул режим 15-апрелге чейин күчүндө болот. Мурдагыдай күндүз баары каалаган жагына бара албайт, ары-бери жүрүүгө чектөө коюлду.

Буга чейин биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов өзгөчө абал киргизилген аймакта жашагандар кечки саат 20:00дөн таңкы 7:00гө чейин эч кайда чыкпашы керек экенин эскерткен. Анткени бул убакта коменданттык саат жарыяланган. Күндүз дарыканага, азык-түлүк дүкөнүнө жана ооруканага гана чыкса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0