БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Коронавирустан улам реанимация бөлүмүнө которулган адамдардан пневмония оорусу байкалууда. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.
Белгилей кетсек, 5-февралдан бери 2940 адамдын анализи алынып, 44 адамдан COVID-19 инфекциясы табылган. Мурда бир адам реанимацияда жатса, кечээ дагы бешөө ушул бөлүмгө которулду.
"Коронавирус жуктуруп реанимацияга түшүп калган жарандардан пневмония (өпкө оорусу) байкалууда. Алардын кээ бирлерине кычкылтек жетишпей кыйналгандыктан реанимацияга которуу зарылдыгы келип чыкты", — деди Акматова.
25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылды.
Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.
Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектин Ленин райондук милициясы өрт чыккан бала бакчадагы адамдардын бардыгын эвакуациялаган. Бул тууралуу райондук милициядан билдиришти.
Эске салсак, бүгүн, 15-январда, Түштүк магистралда жайгашкан жеке менчик бала бакчадан өрт чыккан.
Милициядан билдиришкендей, кырсык тууралуу маалымат саат 17:34тө түшкөн.
"Жерине Ленин райондук милициясынын экинчи бөлүмүнүн кызматкерлери жөнөп кеткен. Алар барганда Масалиев көчөсүндөгү бала бакчанын үстүнкү кабаты күйүп жатканын көрүшкөн. Коопсуздук үчүн имараттын ичиндегилердин бардыгы эвакуацияланып, аймак курчоого алынган. ӨКМдин куткаруучулары бир сааттын ичинде жалынды чектөөгө алып, кийин толугу менен өчүрдү (19:22). Жабыркагандар жана көз жумгандар болгон жок", - дешти милициядан.
Факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кылмыш-жаза кодексинин 261-беренеси ("Өрт коопсуздук эрежелерин бузуу") боюнча каттоого алынды.
Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө амалдары уланып жатат.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Жалал-Абадда көчө шыпырган аялды сабады деген шектүү кармалып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
Буга чейин Жалал-Абад шаарынын "Тазалык" ишканасынын кызматкери Маргуба Хакимованы белгисиз киши сабап кеткени кабарланган. Ал аялды белгисиз эркек киши таш менен чаап, ур-соккуга алып, милиция келгенге чейин качып кеткен. Жыйынтыгында жабырлануучу облустук ооруканага жаткырылган.Факты боюнча топтолгон материал Жоруктар кодексинин 119-беренеси ("Майда бейбаштык") менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
"Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында аталган окуяга шектүү катары Сузак районунун К.У. аттуу 30 жаштагы тургуну аныкталып, тергөө иштери башталган. Тергөөнүн жүрүшүндө жабырлануучу шектүүнү тааныган", — деп жазылат маалыматта.
Кийинчерээк жабырлануучу шектүүгө доосу жок экенин айтып, тосмо арызын жазып бергени маалым болду. Учурда тергөө амалдары улантылып жатат.
БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Ишемби, 16-январда, күндүзү өлкө аймагында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +11...+16, Талас жергесинде +13...+18, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +12...+17, Ысык-Көлдө +4...+9, ал эми Нарын аймагында -1...-6 градус болору айтылды.
Күндүн табы Бишкекте +13...+15, ал эми Ошто +15...+17 градусту көрсөтөт.