Кыргызстанда дагы 14 киши коронавирус жуктуруп алды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүү"Гемотест" начинает делать анализы на коронавирусную инфекцию
Гемотест начинает делать анализы на коронавирусную инфекцию - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44 болчу. 25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.

БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 14 кишинин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Анын жетөө Ош облусунан болсо, жетөө Жалал-Абаддан. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди. 

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Коронавирустан Кыргызстанда такталган учурлары
Кыргызстанда дагы 14 киши коронавирус жуктуруп алды - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан Кыргызстанда такталган учурлары
"Бейтаптардын жалпы саны 58ге жетти. Жаңы учурлар Сузак (7), Өзгөн (3), Кара-Суу (1), Ноокат (1) райондорунда жана Ош шаарында (1) катталды. Вирус жуктуруп алгандардын ону аял, төртөө эркек киши", — деди Акматова.

Коронавирус Кыргызстанда

Ситуация в Казахстане с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда коронавирустан көз жумган аялдын эки өпкөсү тең жабыркаган
Буга чейин Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 44 болчу. Ош облусунда 20, Жалал-Абад облусунда 19, Бишкек шаарында үч, Чүй облусунда бир жана Баткен облусунда бир адам COVID-19 менен күрөшүп жаткан.

25-мартта обсервацияда жаткан 2014 адамдын 1429у мөөнөтүнөн мурда үй карантинине чыгарылган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Ноокат, Кара-Суу, Сузак райондоруна 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген.

Учурда өлкө аймагындагы кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан кабардар болуп туруңуз

Жаңылыктар түрмөгү
0