"Лимонтинин" өлүмүнө 24 жаштагы жигит шектелүүдө. Окуянын чоо-жайы

Жазылуу
Билдирмеде 1995-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран Нарын ОИИБдин имаратына кирип барып, киши өлтүрүп алганын айтып, маркумдун сөөгүн көрсөткөнү айтылат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Нарындын чок ортосунда өлтүрүлгөн кримтөбөл, "Лимонти" каймана аты менен белгилүү Алмаз Сулаймановдун өлүмү боюнча иликтөө иштери башталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, бүгүн, 28-март күнү, саат 12:50 чамасында Нарын шаарында Toyota Passo үлгүсүндөгү унаа менен Lexus 570 жолтандабас кагышкан.

"Анын натыйжасында айдоочулардын ортосунда кайым айтышуудан уруш чыгып, бири-бирине бычак урушкан. Андан соң 1995-жылы туулган Ш.М. аттуу жаран Нарын ОИИБдин имаратына кирип барып, киши өлтүрүп алганын айтып, маркумдун сөөгүн көрсөткөн", — деп айтылат маалыматта.

В Кара-Балте убили парня — подозреваемого задержали спустя 5 лет. Видео - Sputnik Кыргызстан
Кара-Балтада киши колдуу болгон жигит. Шектүү 5 жылдан кийин кармалды
Аталган факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

"Лимонтинин" өлүмү боюнча алгач Sputnik Кыргызстан агенттигине ишенимдүү адам билдирген. Анын айтымында, Сулаймановдун унаасын кылмышка шектүү бала алдынан келип сүзгөн. Ага ачууланган Лимонти бычак алып чыгып, тигини колго сайган. Ал бала бычагын жулуп алып, кайра өзүн бир нече ирет сайып жиберген. Натыйжада Сулайманов ооруканага жетпей каза тапкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0