Нарында коронавирус жукканы аныкталган киши Пакистандан келип, Бишкекте 4 күн болгон

© REUTERS / MOHSIN RAZAСитуация в Пакистан из-за коронавируса
Ситуация в Пакистан из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вирус жуктурган 61 жаштагы киши Бишкекте төрт күн жүргөн. Кийин Нарынга жети киши менен бир таксиде кеткен. Ал 100дөн ашык адам менен байланышкан.

БИШКЕК, 29-мар. — Sputnik. Бүгүн, 29-мартта, Нарын облусунда алгачкы жолу коронавирус жуктуруп алган бир факт катталды. Бул туурасында өкмөттүн Нарын облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жалпы жонунан 26 адамдан COVID-19 табылып, Кыргызстан боюнча вируска кабылгандардын саны 84кө жетти

© Фото / © SputnikНарын шаары
Нарында коронавирус жукканы аныкталган киши Пакистандан келип, Бишкекте 4 күн болгон - Sputnik Кыргызстан
Нарын шаары

Маалыматка караганда, Нарын шаарынын тургуну 61 жашта. Ал 2019-жылдын 15-ноябрында Пакистанга дааватка кеткен. Ал эми 2020-жылдын 15-мартында Лахор – Ташкент  – Бишкек рейси менен саат 10.00дө “Манас” аэропортуна учкан. Ташкенттен Бишкекти көздөй уча турган рейсти 5-6 саат күтүшкөн.

“Манас” аэропортунан үйдөн чыкпай отуруу, эч ким менен байланышпоо, дене табы көтөрүлсө Тез жардамга кайрылуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок бул адам Бишкек шаарындагы уулунун үйүндө төрт күн жүргөн. 19-март күнү Бишкек шаарынан Нарынга жети киши менен чогуу бир таксиде келген. 22-март күнү 18.30дар чамасында Нарын облустук бириктирилген ооруканасына обсервацияга жаткырылып, анализ алынган. 28-мартта вирус бар экени аныкталды. Азыркы учурда изоляцияда. Абалы канааттандырарлык. Эч кандай даттануусу жок”, - дешти облустук штабдан.

Учурда аны менен байланышта болгон адамдардын баары көзөмөлдө. Биринчи категориядагы контакт болгон 16 адамдан анализ алынып, үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга жаткырылды.

Экинчи категориядагы байланыш болгон 117 адамга үйүнөн чыкпоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлду. Жашаган көчөсүнө пост коюлду. Эгер биринчи категориядагы 16 адамдан вирус табылса, экинчи категориядагы адамдардан да анализ алынат.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстан жана Кытайдын желектери. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз өкмөтү Кытайдан гуманитардык жардам сурап кайрылды
29-март күнү Кыргызстанда дагы 26 адам COVID-19 инфекциясын жуктурганы аныкталды. Ушуну менен өлкөдө коронавируска кабылгандардын саны 84кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна өзгөчө абал киргизилип, кечки саат 20:00дөн кийин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай режим 15-апрелге чейин уланат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0