Жалал-Абад менен Баткенде жер титиреди

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Баткен. Баткенская область
Город Баткен. Баткенская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жер титирөө Жалал-Абадда түшкө жуук катталса, Баткенде түштөн кийин болгон. Экөөндө тең жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Кечээ, 29-март күнү, Жалал-Абад облусунда очогунда күчү 5 балл, ал эми Баткенде күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Ситуация в Оше после введения режима ЧC из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандагы жер силкинүү Ошто дагы сезилди
Ага ылайык, Жалал-Абаддагы жер титирөө саат 10:51де болуп, Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кызыл-Гава айылдарында 5 балл, Базар-Коргон, Масы, Үч-Булак, Кызыл-Октябрь айылдарында 4,5 балл, ошондой эле Жалал-Абад, Көк-Жаңгак шаарларында 3,5 баллга чейин сезилген.

Ал эми Баткендеги силкинүү саат 16:04тө катталып, Кадамжай районунун Шахимардан айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Эки жер титирөөдөн тең жабыркагандар жана кыйроолор катталган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0