Индияда көчөдөн бараткан киши. Архивдик сүрөт

Ысык-Көлдө коронавирус жуктурган 2 киши Индиядан келип, кайда барганы айтылды

2171
(жаңыланган 22:07 31.03.2020)
Түптүн тургундарын үч күн обсервацияга жаткырып, анализдери таза чыккандыктан 24-мартта үйүнө кетүүгө уруксат берилген.

БИШКЕК, 31-мар. — Sputnik. Ысык-Көлдө коронавирус жуктурганы аныкталган эки киши Индияга дааватка барып келген Түп районунун жашоочулары экенин жергиликтүү бийлик органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, алар Кыргызстанга Дели — Бишкек авиакаттамы менен 22-мартта келишкен. Бирөө 35, экинчиси 39 жашта.

Аэропорттон аларды текшерип, үч күн обсервацияга жаткырышкан. Анализдери таза чыккандыктан 24-март күнү үйүнө кетүүгө уруксат берилген.

Жарандар ошол эле күнү 15 адам менен бир маршруткада Балыкчы шаарына чейин барган. Себеби маршруткадагы жүргүнчүлөрдүн Ысык-Көлдө каттоосу жок болгондуктан ал жердеги санитардык-карантиндик посттон артка кайтарылган. Мындан улам алар андан ары Түп районуна такси менен кетишкен. Ошентип Делиден келген эки киши түнкү саат 3.00дө үйүнө жеткен.

Эртең менен жергиликтүү фельдшерлер алардын үйүнө барып саламаттыгын текшерип, шектүү симптомдор тууралуу районго кабарлаган. Мындан улам экөө тең кайра обсервацияга жаткырылып, кайрадан анализ тапшырганда коронавирус жуктурганы аныкталган.

Учурда бирөөнүн беш, экинчисинин жети үй-бүлө мүчөсү обсервацияга жаткырылды. Ошондой эле таксист дагы үй-бүлөсү менен карантинге алынды.
Ал эми маршрутканын мамлекеттик номери жана айдоочусунун аты-жөнү Республикалык штабга жөнөтүлгөн.

Коронавирус Кыргызстанда

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 107ге жетти. Алардын 49у эркек, 58и аял. Ал эми кечээ Сузактын үч тургуну айыгып чыкканы кабарланган.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн таңкы 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди. Мындай режим 15-апрелге чейин созулат.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

2171
Белгилер:
Индия, даават, коронавирус, Түп, Ысык-Көл району
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (905)
Тема боюнча
Дарыгерлерге сый акы, аткаминерлерди жазалоо. Жээнбеков өкмөткө сунуш берди
Жээнбеков: эл комендатуралардын ишине нааразы
Даяр эмес экенсиңер! Жээнбеков саламаттык сактоо министрине каарын төктү
Автомат Калашникова.

Лейлекте Калашников автоматын талаага жашырып койгон киши кармалды. Сүрөт

166
(жаңыланган 19:55 05.06.2020)
Талаада катылган куралдын ичинде алты ок болгон. Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Баткендин Лейлек районунда Калашников үлгүсүндөгү автоматты сактап жүргөн киши кармалганын облустук Ички ичтер башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Лейлек РИИБдин ыкчам кызматкерлери иликтөө иштеринин натыйжасында Исфана шаарынын 42 жаштагы тургуну Саркент талаасына сайлуу "АК-74М" Калашников үлгүсүндөгү октолуу куралды жашырып койгонун аныкташкан. Ичинде 5,45мм калибриндеги алты даана ок болгон.

Бул факт Лейлек РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 253-беренеси ("Куралды, ок-дарыларды мыйзамсыз алып жүрүү") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Учурда тийиштүү экспертизалар дайындалып, тергөө жүрүп жатат. Кармалган киши убактылуу кармоо жайына киргизилген.

166
Белгилер:
кармоо, курал, калашников автоматы, милиция, Баткен
Тема боюнча
УКМК: "Хизбут-Тахрир" уюмунун издөөдө жүргөн активдүү мүчөсү кармалды
Борбордук клиникалык ооруканада бейтап. Архив

Бишкектин чок ортосунда автоунаа сүзүп мүрт кеткен аял. Кырсыктын видеосу

597
(жаңыланган 15:54 05.06.2020)
Окуяга күбө болгон адамдын айтуусуна караганда, аял ошол жерден мүрт кеткен. Автоунаалар Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кагылышкан.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Интернетке Бишкектин чок ортосунда болгон автокырсыктын видеосу тарады. Камерадан тартылган ал учурду Oppa Instagram-аккаунту жарыялаган.

"Автоунаалар Абдрахманов менен Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде кагылышкандан кийин бирөө жолдон чыгып, күү менен барып имаратка урунган. Ошол учурда Токтогул көчөсүн кесип өтүүгө камынган аялды да сүзгөн. Кырсык болгон жерге милициянын кайгуул кызматы жана дарыгерлер келишти. Бирок аял ошол жерден эле жан берген экен", — деп айтылат видеодо.

Эске салсак, кечээ Сокулук районундагы айылда жол кырсык болуп, анда да бир аял каза болгон.

597
Белгилер:
милиция, өлүм, жол кырсык, аял, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Тамтыгы калбай калыптыр! Кантта кагышкан үч автоунаанын видеосу
COVID-19 вируска каршы дары таблеткалары. Архив

Россияда коронавируска каршы вакцина кийинки жумада чыгып, акысыз берилет

0
(жаңыланган 23:52 05.06.2020)
Бул —  коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экени айтылат.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавируска каршы "Авифавир" препараты Россияда Милдеттүү медициналык камсыздандыруунун алкагында бекер берилет. Бул тууралуу Россиянын түз инвестициялар фондунун башчысы Кирилл Дмитриев президент Владимир Путин менен жолукканда айтканын Кремлдин сайты маалымдады.

Дмитриев "Авифавир" коронавируска каршы чыгарылган Россиядагы алгачкы, ал эми дүйнөдө экинчи болуп катталган дары экенин билдирген.

"Ал 11-июндан тарта Россиянын клиникаларына келип түшөт. Ал россиялыктарга Милдеттүү медициналык камсыздандыруу программасы боюнча бекер берилет", — деп айткан Дмитриев.

Маалыматта мындай вакцинадан жылына 700 миң даана чыгаруу пландалганын, бирок суроо-талап көп болуп, башка 10 өлкөдөн да сурам келип жатканын белгилеген. Мындан улам санын эки миллионго чейин жеткирүү пландалган.

0
Белгилер:
Россия, дарылоо, вакцина, коронавирус
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Россия: коронавируска каршы чыгарылган бир вакцина баарына жарай бербейт
Коронавируска каршы Япония чыгарган вакцина июлда сынактан өтөт