БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. COVID-19 вирусу аныкталган бейтаптар менен 6028 адам байланышта болгону аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.
Эске салсак, Кыргызстанда бүгүн дагы төрт адамдын коронавирус жуктуруп алганы айтылды.
"Коронавирус аныкталган бейтаптар менен байланышта болгондордун ичинен 1612си алардын жакындары, үй-бүлөлүк байланыштар. Ал эми 4416сы башка жактар. Эпидемиологиялык изилдөөлөрдүн жүрүшүндө байланышта болгондордун саны өзгөрүшү ыктымал", — деп айтылат маалыматта.
Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 111ге (52си эркек, 59у аял) жетти. Анын ичинен Сузактын үч тургуну айыгып чыккан. Тилекке каршы, Ош облусунда COVID-19 жуктурган үч адамдын абалы оорлошуп, реанимацияда жатат.
Бүгүн, 1-апрелде, Ысык-Көл облусунун Түп районунун айылдарынын бири толугу менен изоляцияга алынды. Буга ал айылдын чет өлкөдөн келген сегиз тургуну үй карантинин сактабай койгону себеп болду. Алар учурда обсервацияда.Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда 15-апрелге дейре өзгөчө абал жарыяланган. Кечки саат 20.00дөн 7.00гө чейин коменданттык саат киргизилди.
Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Өзбекстанда беш студент белгисиз затка ууланып каза болду. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан Башкы прокуратуранын маалыматына таянып кабарлады.
Билдирмеге ылайык, көз жумган студенттер Ташкент шаарынын Юнусабад районунда менчик турак үйдө жашачу. Алардын үч башка окуу жайда билим алганы да айтылды.
"Студенттердин сөөгү 27-февралда саат 20:50лөр чамасында табылган. Юнусабад районунун прокуратурасы "Бир нече адамдын өлүмүнө себеп болгон өрт коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон", — деп жазылат маалыматта.
Башкы прокуратура тергөөнү өз көзөмөлүнө алганы маалым болду.
ABC 7 телеканалы билдиргендей, окуя бир нече күн мурда Австралиянын Квинсленд штатында болгон. Улгайган аял "Пимпама" барында туулган күнүн өткөрүп жаткан учурда ал отурган столго белгисиз эркек киши келип, сумкасын алып качып кеткенге аракет кылган.
Видеодо көрүнүп тургандай, шектүү сумка менен из жашырып кетүүгө аракеттенген. Бирок буюмдун ээси аны автоунаалар токтогон жерге чейин кубалап келип, кишини желкеден алып жерге кулаткан. Сумка талашып жатып уурунун үстүндөгү кийими да чечилип кеткен. Жыйынтыгында аял сумкасын алып, белгисиз кишини бут кийим менен да чаап жетишкен.Журналисттер менен баарлашуу учурунда аял каракчынын артынан кубалап барып, аны менен мушташуу жакшы чечим болбогонун айткан. Анткени денеси жаракат алган.
"Шектүүнүн артынан чуркап бара жатканда эмне тууралуу ойлонгонумду деле билбейм", — деген ал.
Аталган окуядан кийин шектүү автоунаасы менен из жашырып кеткен. Бирок көп өтпөй анын полициянын колуна түшкөнү айтылды.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. 1-мартта күндүз республика боюнча күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +8..+13, Ысык-Көлдө +2...+7, Нарын жергесинде -3...+2 градус болот.
Бул күнү термометр Бишкекте +8...+10, Ошто +10...+12 градуска көтөрүлөт.