Жасалма дем алып жатат. Реанимацияда жаткандардын абалы айтылды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүФилатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом
Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 144 адам (77 аял, 67 эркек) коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен алтоо айыгып чыккан.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган алты адам реанимацияда жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин ыкчам штабынын жетекчисинин орун басары Касымбек Мамбетов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, Ноокат районунда дарыланып аткан 59 жаштагы эркек кишинин, Ош шаарында жашаган 43 жаштагы аялдын абалдары оор. Ош шаардык ооруканада жаткан 45 жаштагы эркек кишинин абалы өтө оор, 1-апрелден тарта жасалма дем алдыруучу аппаратка кошулган. 60 жаштагы дагы бир аял оор абалда жатат, эки күн мурда инсульт алган, ал да жасалма дем алдыруу аппаратына кошулган. 

Мындан сырткары, Нарын шаарындагы 60 жаштагы аялдын абалы да оор, жасалма дем алдырууга муктаж.

Жалал-Абад шаарында 33 жаштагы жигиттин абалы орточо, бүгүн палатага которулат.

Коронавирустун кесепети

Выездное совещание премьера М. Абылгазиева в комендатуре Бишкека - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус: Кыргызстандагы жана дүйнөдөгү абал боюнча тексттик баяндама
Кыргызстанда 144 адам (77 аял, 67 эркек) коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен алтоо айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүзү ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0